Мамытов Дүйнө кубогу мелдешин уткан балбандарды сыйлады. Сүрөттөр

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогунда ийгилик жараткан балбандарды, машыктыруучуларды куттуктады
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогунда ийгилик жараткан балбандарды, машыктыруучуларды куттуктады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамытов кыргызстандык спортчулар Дүйнө кубогу мелдешине татыктуу катышып, үч алтын, беш коло байге утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлегенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогунда ийгилик жараткан балбандарды, машыктыруучуларды куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев И.о. Президента Талант Мамытов встретился с членами национальной сборной по борьбе, завоевавшими призовые места на Кубке Мира
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогунда ийгилик жараткан балбандарды, машыктыруучуларды куттуктады - Sputnik Кыргызстан
1/6
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогунда ийгилик жараткан балбандарды, машыктыруучуларды куттуктады
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев И.о. президент Талант Мамытов во время встречи с членами национальной сборной по борьбе, завоевавшими призовые места на Кубке Мира
Мамытов кыргызстандык спортчулар Дүйнө кубогу мелдешине татыктуу катышып, үч алтын, беш коло байге утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлегенин баса белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/6
Мамытов кыргызстандык спортчулар Дүйнө кубогу мелдешине татыктуу катышып, үч алтын, беш коло байге утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлегенин баса белгиледи
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Борец Айсулуу Тыныбекова во время встречи с и.о. президента Талантом Мамытовым
Жолугушууга байгелүү орундарды ээлеген спортчулар: Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар катышты - Sputnik Кыргызстан
3/6
Жолугушууга байгелүү орундарды ээлеген спортчулар: Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар катышты
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Чемпионка мира по борьбе Айсулуу Тыныбекова во время встречи с и.о. президента Талантом Мамытовым
Алтын байге уткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова курама команданын атынан сүйлөп, ар тараптуу колдоо көрсөткөн мекендештерге, сүрөөнгө алган күйөрмандарга ыраазычылык билдирди - Sputnik Кыргызстан
4/6
Алтын байге уткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова курама команданын атынан сүйлөп, ар тараптуу колдоо көрсөткөн мекендештерге, сүрөөнгө алган күйөрмандарга ыраазычылык билдирди
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Тренер по борьбе Нурбек Изабеков во время встречи с и.о. президента Талантом Мамытовым
Ошондой эле машыктыруучу Нурбек Изабековдун күжүрмөн эмгеги, кыздар күрөшүнө кошкон зор салымы Кыргызстанды бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанытканын белгилеп кетти - Sputnik Кыргызстан
5/6
Ошондой эле машыктыруучу Нурбек Изабековдун күжүрмөн эмгеги, кыздар күрөшүнө кошкон зор салымы Кыргызстанды бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанытканын белгилеп кетти
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Борец Жоломан Шаршенбеков во время встречи с и.о. президента Талантом Мамытовым
Мамытов президенттик фондунун эсебинен байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
6/6
Мамытов президенттик фондунун эсебинен байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.
1/6
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда, спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Дүйнө кубогунда ийгилик жараткан балбандарды, машыктыруучуларды куттуктады
2/6
Мамытов кыргызстандык спортчулар Дүйнө кубогу мелдешине татыктуу катышып, үч алтын, беш коло байге утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлегенин баса белгиледи
3/6
Жолугушууга байгелүү орундарды ээлеген спортчулар: Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар катышты
4/6
Алтын байге уткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова курама команданын атынан сүйлөп, ар тараптуу колдоо көрсөткөн мекендештерге, сүрөөнгө алган күйөрмандарга ыраазычылык билдирди
5/6
Ошондой эле машыктыруучу Нурбек Изабековдун күжүрмөн эмгеги, кыздар күрөшүнө кошкон зор салымы Кыргызстанды бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанытканын белгилеп кетти
6/6
Мамытов президенттик фондунун эсебинен байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.

Мамытов кыргызстандык спортчулар Дүйнө кубогу мелдешине татыктуу катышып, үч алтын, беш коло байге утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлегенин баса белгиледи.

"Пандемия жана аны коштогон бир катар кыйынчылыктарга карабастан сиздер тынымсыз машыгуу өткөрүп, үзүрлүү эмгектин натыйжасында мыкты жыйынтык жарата алдыңыздар. Бүтүндөй Кыргызстандын эли сиздерге күйөрмандык кылды. Сиздердин жеңишиңиздер элге дем берди, биз сиздер менен сыймыктанабыз! Бул зор ийгиликтердин башаты деп эсептейм, биздин өлкөнүн желегин дагы далай мелдештерде желбиретесиздер деп ишенем", — деген Мамытов.

Ал ошондой эле ата мекендик спортчулар Токио Олимпиадасында да зор ийгилик жаратат деп үмүттөнөрүн билдирген.

Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курама командасы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогу мелдешинен мекенге кайтып келишти - Sputnik Кыргызстан
Азаматсыңар! Нурбек Изабеков жана анын чемпион кыздарын аэропорттон тосуп алган видео
Жолугушууга байгелүү орундарды ээлеген спортчулар: Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар катышты.

Эркин күрөштөн коло байге уткан Айаал Лазерев шаарда болбогонуна байланыштуу иш-чарага келген жок.

Алтын байге уткан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова курама команданын атынан сүйлөп, ар тараптуу колдоо көрсөткөн мекендештерге, сүрөөнгө алган күйөрмандарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле машыктыруучу Нурбек Изабековдун күжүрмөн эмгеги, кыздар күрөшүнө кошкон зор салымы Кыргызстанды бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанытканын белгилеп кетти.

"Жакынкы келечекте Кыргызстандан дагы мыкты спортчулар чыгат деп ишенем, бул үчүн ар бир спортчу талыкпай машыгып, патриот болушу керек", — деген Тыныбекова.

Өз кезегинде Изабеков колдоо көрсөткөнү жана жылуу кабыл алганы үчүн машыктыруучулардын атынан өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Перенос даты Олимпийских игр в Токио - Sputnik Кыргызстан
Токио Олимпиадасынын бюджети 16 миллиард долларга чукулдады
"2010-жылдан бери мен кыздар күрөшүнүн башкы машыктыруучусу болуп иштеп келем. Жаракат, жеңилүү ызасы сыяктуу көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүм. Башты жерге салбастан, улам курчуп, талыкпастан туура багытта машыгууну уланттык. Анын үзүрүн эми көрүп баштадык", — деди Изабеков.

Ал спортчуларга Олимпиада оюндарында жеңиштерди каалап, бул үчүн машыктыруучулар бардык күч-аракетин көрөрүн айтты.

Мамытов президенттик фондунун эсебинен байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0