02:12 04 Бештин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7950
  • EUR102.7715
  • RUB1.1276
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
301 0 0

Мушкер аталган дивизиондо эң алдыңкы сапка чыгуу планы аткарылганын белгилеп, мындан ары кызыкчылык жок экенине токтолгон.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун спорттук карьерасын улантуу ниети жок. Бул тууралуу ал "АиФ Дагестан" маалымат булагына билдиргенин Р-Спорт жазды.

Октябрда ал америкалык Жастин Гэтжинин утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.

"Мен чыккан беттештер чоң акча турат, көп адамдар көрүп, ажиотаж болот. Бул сөздөр мени дагы көп убакытка чейин ээрчийт деп ойлойм. Мурда беттеш өткөргөндөн кийин эртеси эле кийинкиси качан деп сурашчу. Эл дайыма эле сериалдын, банкеттин уландысын көргүсү келет. Бирок менин спорттук карьераны улантуу планым жок", — деген мушкер.

Нурмагомедов UFC уюму ага дайыма жаңы мушкерлерди жана болжолдуу атаандаштарды даярдап келерин белгилеген.

"Ушундай бүтпөгөн көрүнүш, бул үчүн 40-45 жашка чейин беттешке чыгууга туура келет. Бирок бир максат болуш керек. Менин аталган дивизиондо эң алдыңкы сапка чыгуу планым бар болчу. Аны аткардым. Мен үчүн мындан ары кызыкчылык жок. Миссиям аягына чыкты. Атак-даңктын туу чокусунда туруп акча тапса болот. Бирок менин максатым башка болгон. Акчаны башка жактан иштеп табабыз", — деп кошумчалады Нурмагомедов.

Мушкер профессионалдык карьерасында 29 ирет беттешке чыгып, баарын жеңген. Анын 13үнө дүйнөдөгү эң абройлуу UFC промоушенинде жетишкен.

Тема боюнча

Карьерасын жыйынтыктаган Нурмагомедов алдыдагы пландарын айтты
Жыландан качкан спортчу Хабиб Нурмагомедовду сүзүп, башы канап кетти. Видео
Белгилер:
карьера, UFC, Хабиб Нурмагомедов

ЭҢ МААНИЛҮҮ