Футбол боюнча өлкө кубогу мелдеши башталат

Жазылуу
Футбол боюнча өлкө кубогу мелдеши борборлоштурулган форматта Кант шаарында өтөт. Ага чемпионатта экинчиден сегизге чейинки орунду ээлеген командалар катышат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бүгүн, 16-октябрда, футбол боюнча Кыргызстандын кубогу башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол союзунун расмий сайтында айтылат.

Быйылкы жылы аталган мелдешке Шоро Премьер-лигасынын (өлкө чемпионаты) жыйынтыгында экинчиден сегизге чейинки орунду ээлеген “Алга” (Бишкек), “Нефтчи” (Кочкор-Ата), “Абдыш-Ата” (Кант), “Алай” (Ош), “Каганат” (Ош), “Кара-Балта” жана “Илбирс” (Бишкек) командалары катышат.

"Дордой" футбол клубу мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду

Футбол боюнча өлкө кубогу мелдеши борборлоштурулган форматта Кант шаарында төмөнкүдөй жадыбалда жүргүзүлөт:
Биринчи этапта 16-октябрда чейрек финалда “Илбирс” — “Нефтчи”, “Кара-Балта” — “Абдыш-Ата”, жана “Каганат” — “Алай” командалары беттешет. Оюндар 14:00дө башталат.

Жарым финалдар 19-октябрга белгиленген.

Анда “Кара-Балта” — “Абдыш-Ата” жубунун жеңүүчүсү “Алга” командасы менен кез келет. Экинчи жарым финалдык оюнда “Илбирс” — “Нефтчи” жана “Каганат” — “Алай” жуптарынын жеңүүчүлөрү беттешет.

2020-жылдагы футбол боюнча өлкө кубогунун финалы 22-октябрда өтөт.

Өткөн жылы Кыргызстандын кубогу мелдешин Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” клубу уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0