Кыргызстанда кум үстүндөгү футбол боюнча өлкө кубогу үчүн мелдеш өтүүдө

© Фото / пресс-служба ФФКРКум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу
Кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустардан бардыгы болуп сегиз команда ат салышууда. Бүгүн жарым финалга чыккан командалар аныкталат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тосор айылында кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ассоциация футзала КР 🇰🇬 (@futsal_kgz)

Анда республика облустарынан бардыгы болуп сегиз команда ат салышууда. Бүгүн тайпалык беттештер жыйынтыкталып, жарым финалга чыккан командалар аныкталат.

"Дордой" кезектеги жеңишти камсыздап, чемпиондук жарышта алдыга озду

29-августта жарым финалдык беттештер өтүп, мелдештин жеңүүчүсүн аныктаган финалдык оюн 30-августка белгиленген.

Кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу тарыхта үчүнчү ирет өтүп жатат. Былтыркы жылдагы турнирде Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0