АСА уюмунун өкүлү: "Тайсон" Келдибеков жакшы беттешет, салмагын туураласын

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандык мушкер Канат Келдибеков. Архив
Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, Тайсон беттештерде салмак куумай көйгөйүнө кабыларын айтып келет. Эми ал октагондогу салмагын 61ден 66 килограммга алмаштырууну пландап жатканы маалымдалды.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Беделдүү делген Ахматтын абсолюттук чемпионаты (АСА) уюмунун вице-президенти жана матчмейкери Асланбек Бадаев Тайсон каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков тууралуу пикирин айтты.

Промоутерлик компаниянын өкүлү менен социалдык тармак аркылуу Келдибековдун жана башка спортчулардын менеджери Марат Бекмуратов маек курган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Канат Келдибеков Ⓜ️ "Тайсон" (@kanat_keldibekov)

Ал кыргызстандык мушкерлердин кимисинде АСА уюмунун чемпиондук курун тагынууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин сураган. Асланбек Бадаев биринчи кезекте "Тайсон" тууралуу кеп кылган.

Туу жамынып ыйлап жиберди. "Тайсондун" чеченстандык мушкерди жеңген видеосу

"Канат Келдибеков мөөнөтүнөн мурда беттешти жыйынтыктабай, акыр-аягына чейин күчүн жумшап, кызыктуу кармаш тартуулайт. Ал баарына таанымал болуп калды. Эми салмак маселесин чечиши керек, аны түшүрүп жатканда кесипкөйлүк менен мамиле кылышы зарыл. Азыр ал 66 килограммга өтүп жатканын (буга чейин 61 килограммдагылар арасында чыкчу) билебиз. Ал октагондо өтө агрессивдүү, атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербей, айласын алты кетирет. Бул анын кармаштарында чоң роль ойнойт", — деген уюмдун өкүлү.

Белгилей кетсек, Тайсон беттештерде салмак куумай көйгөйүнө кабыларын айтып келет. Интернетке жүктөгөн соңку видеосунун комментарийинде азыр 75 килограмм экендигин айткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Канат Келдибеков Ⓜ️ "Тайсон" (@kanat_keldibekov)

Белгилей кетсек, Келдибеков аталган уюмдун алкагында соңку ирет ушул жылдын мартында беттешип, бразилиялык Уолтер Перейрага утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0