БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков мушкер Рафаэль Физиевди UFC мелдешиндеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Телефон аркылуу куттуктоосунда төрага бүтүндөй Кыргызстандын эли мушкерге күйөрмандык кылганын белгиледи.
Эске сала кетсек, кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 19-июлда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өткөн UFC Fight Island 2 мелдешинде англиялык Марк Диакези менен беттешип, жеңип алган.
Физиев жеңишинен кийин кыргызстандыктарга кайрылды. Видео
"Мындай жогорку деңгээлдеги окуялар күн сайын эле боло бербейт. Учурда Кыргызстандагы эпидемиялык абал элди тынчсыздандырып турган чакта мындай жаңылык ар бир кыргызстандыкты кубандырат", — деп белгилейт Дастанбек Жумабеков.
Төрага мүмкүнчүлүк болгондо мушкердин өзү менен жолугуп, аны куттуктаарын да кошумчалаган.
Өз кезегинде Рафаэль Физиев көңүл буруп колдоосу үчүн парламенттин төрагасына ыраазычылык айтты.