БИШКЕК, 13-май — Sputnik. UFC уюмунун президенти Дана Уайт жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедов менен ушул эле категорияда утурумдук чемпиондук курду тагынган Жастин Гэтжини беттештиргени жатат. Турнир "Кармаштар аралында" өтө турганын ал ESPN телеканалына билдирген.
Уайттын айтымында, коронавирустан улам эл мурдагы жашоого кайта албаса, турнирди "Кармаштар аралында" өткөрүүгө мажбур болот.
"Учурда аралдын инфраструктурасы курулуп жатат. Мен беттешти июндун ортосунда же этегинде уюштурууну пландап жатам", — деген Уайт.
Америкалык мушкер Гэтжи Жексонвилде (АКШ) өткөн UFC 249 турниринин алкагында мекендеши Тони Фергюсонду нокаутка кетирип, утурумдук чемпион наамына ээ болгон. Ошондой эле россиялык Нурмагомедов менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Негизи Фергюсон Нурмагомедов менен ушул жылдын апрелинде таймашка чыгышы керек эле, бирок россиялык мушкер пандемияга байланыштуу өлкө аймагынан чыга албай калгандыктан, мелдешке катышуудан баш тарткан.