14:59 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
720 0 0

Макгрегордун айтымында, Нурмагомедовдон утулуп калышына алкоголь дагы кесепетин тийгизген. Мушкерлердин кармашы 2018-жылы 6-сентябрда Лас-Вегаста өткөн.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор россиялык Хабиб Нурмагомедов менен беттешерге чукул көп ичип калганын айтып берди. Бул туурасында ESPN.com сайты жазды.

Макгрегордун айтымында, россиялык мушкерден утулуп калышына алкоголь дагы себебин тийгизген.

"Менде уу же ошол сыяктуу бир нерсе бардай сезилди. Мен кыла турчу нерсени аткарган жокмун. Негизи эле башкача жашашым керек эле. Азыр баары жакшы. Көп ката кетирдим, бирок аларды мойнума алып, оңдоого да эрким жетет", — деген спортчу ESPN сайтына берген маегинде.

Эми ал мындай катачылыктарды кетирбегенге аракет кыларын кошумчалаган.

Конор акыркы кармашын 2018-жылы 6-сентябрда өткөрүп, Хабибге муунтуу ыкмасы менен утулуп калган.

18-январь күнү Конор Макгрегор америкалык Дональд Серроне менен беттешет. Мелдеш UFC 246 турниринин алкагында Лас-Вегаста өтөт.

Тема боюнча

Конордун Серроне менен болчу беттеште канча акча табары белгилүү болду
Конор Макгрегор тизмесиндеги жаңы атаандашы тууралуу айтты
UFC уюму Конор Макгрегордун боло турчу беттешинин проморолигин жарыялады
Белгилер:
алкоголь, беттешүү, мушкер, Хабиб Нурмагомедов, Конор Макгрегор, UFC

ЭҢ МААНИЛҮҮ