Нуньес: Шевченко карьерамдагы эң татаал атаандаш болду. Видео

© REUTERS / Perry NelsonUFC уюмунун орточо жеңил жана жеңил салмактагы чемпиону Аманда Нуньес кыргызстандык Валентина Шевченко менен беттеш учурунда. Архив
UFC уюмунун орточо жеңил жана жеңил салмактагы чемпиону Аманда Нуньес кыргызстандык Валентина Шевченко менен беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-декабрга караган түнү Американын Парадайз шаарында аралаш мушташ боюнча UFC 245 турнири өтөт. Мелдеште Нуньес голландиялык Жермейн де Рандами менен кармашып, жеңил салмак категориясында чемпиондук наамын коргойт.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. UFC уюмунун орточо жеңил жана жеңил салмактагы чемпиону Аманда Нуньес карьерасында оор беттештерди кыргызстандык Валентина Шевченко менен өткөргөнүн билдирди. Бразилиялык мушкер бул туурасында UFC 245 турниринин алдында уюштурулган маалымат жыйында айткан.

"Мен үчүн Валентина эң кыйын атаандаш. Биздин экинчи беттеш 25 мүнөткө созулган. Кармаш оор болду, бирок жеңишти камсыздай алдым", — деген Нуньес.

Шевченко бразилиялык спортчу менен эки жолу беттешип, экөөндө тең калыстардын чечими менен утулуп калган. Ошондон бери Валентина "Нуньес менен бүтпөй калган ишим бар" деп айтып келет. Нуньес дагы кыргызстандык мушкердин салмагында кармашууга ниети бар экендигин билдирген.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко АКШлык Джессика Ай менен беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко мыкты нокауттун ээси болушу мүмкүн
15-декабрга караган түнү Американын Парадайз шаарында аралаш мушташ боюнча UFC 245 турнири өтөт. Мелдеште Нуньес голландиялык Жермейн де Рандами менен кармашып, жеңил салмак категориясында алган чемпиондук наамын сактоо үчүн октагонго чыгат. Муну менен курун бешинчи ирет коргомокчу.

Ал эми жарым жеңил салмактагы чемпиондук наамын былтыр жылдын соңунда мекендеши Крис Сайборгду утуп тагынган. Ал категорияда наамын бир да ирет коргой элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0