20:32 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
105 0 0

Спорт агенттигинин башчысы Канат Аманкулов Кыргызстан Олимпиадага катышуунун өзү жетишкендик деген деңгээлден өткөндүгүн белгилеп, машыктыруучуларга көбүрөөк лицензия алганга аракет кылышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов башкы жана улук машыктыруучулар менен Олимпиада оюдарына даярдык тууралуу жыйын курду. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

  • Директор ГАМФКиС Канат Аманкулов провел совещание по подготовке ведущих спортсменов к Олимпийским играм, которые пройдут в 2020 году в Японии
    Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов башкы жана улук машыктыруучулар менен Олимпиада оюдарына даярдык тууралуу жыйын курду
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Директор ГАМФКиС Канат Аманкулов провел совещание по подготовке ведущих спортсменов к Олимпийским играм, которые пройдут в 2020 году в Японии
    Жолугушууда Спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов машыктыруучулардан кайсы спортчулардын Олимпиадага лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин сураган
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Директор ГАМФКиС Канат Аманкулов провел совещание по подготовке ведущих спортсменов к Олимпийским играм, которые пройдут в 2020 году в Японии
    Өз кезегинде Олимпиадалык спорт боюнча дирекциянын жетекчиси Жоомарт Шамканов спортчуларды эл аралык мелдештерге даярдоодо финансылык жактан кыйынчылыктар бар экенин белгилеген.
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГАМФКиС
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов башкы жана улук машыктыруучулар менен Олимпиада оюдарына даярдык тууралуу жыйын курду

Жолугушууда Спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов машыктыруучулардан кайсы спортчулардын Олимпиадага лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин сураган.

"Биз Токио Олимпиадасына чоң максаттарды коюп жатабыз. Сиздер ишеничти актаганга аракет кылышыңыздар керек. Башында мындай ири оюнга катышуунун өзү жетишкендик дечүбүз. Эми андай убактан өттүк. 2019-2020-жылдары мүмкүн болушунча көбүрөөк лицензия алганга күч жумшайлы", — деди Аманкулов.

Өз кезегинде Олимпиадалык спорт боюнча дирекциянын жетекчиси Жоомарт Шамканов спортчуларды эл аралык мелдештерге даярдоодо финансылык жактан кыйынчылыктар бар экенин белгилеген.

Ал эми башкы машыктыруучулар ушул жылдын экинчи жарымындагы жана кийинки жылдагы пландары тууралуу айтып берип, лицензия алуунун эрежелеринин айрым жерлерине өзгөртүү киргизүүнү суранышкан.

Эске сала кетсек, учурда өлкөнүн Олимпиада оюндарына төрт жолдомосу бар. Биринчи жолу суучул Денис Петрашов алса, кийинки лицензияга жөө күлүк Юлия Андреева ээ болгон. Ал эми соңку жолдомолорго балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекова татыды.

Тема боюнча

Спорт агенттигинин жетекчиси Тыныбекова менен Муртазалиевди кабыл алды. Сүрөт
Таш-Көмүрдө 300дөй балбандын катышуусунда эркин күрөш турнири өттү. Сүрөт
Белгилер:
лицензия, жыйын, машыктыруучу, спорт, Олимпиадалык оюндар, Канат Аманкулов

ЭҢ МААНИЛҮҮ