10:44 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү мелдешинде Талас облусу үчүнчү оорунду алды.

Таластын көк бөрүчүлөрү Бишкекти утуп, 3-орунга ээ болушту. Сүрөттөр

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
77 0 0

Талас облусунун улакчылары Бишкек шаарынын командасын ат чабым артта калтырып койду. Финалдык беттеш да бүгүнкүгө белгиленген. Анда Чүй менен Оштун командалары ат салышат.

БИШКЕК, 21-cен. — Sputnik. Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү мелдешинде Талас облусу үчүнчү оорунду алды.

  • Участники кок бору из Таласа и Оша во время Национальных игр кочевников в Таласе
    Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү мелдешинде Талас облусу үчүнчү оорунду алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Участники кок бору из Таласа и Оша во время Национальных игр кочевников в Таласе
    Аталган команда бүгүн Бишкек шаарынан келген улакчылар менен беттешти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Участники кок бору из Таласа и Оша во время Национальных игр кочевников в Таласе
    Оюндун биринчи бөлүгү 4:0 эсеби менен Таластын пайдасына чечилди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Участники из Таласа и Оша в турнире по кок-бору, который проходит в Таласской области в рамках Национальных игр кочевников
    Экинчи бөлүктө да Бишкек эсеп санын ача алган жок, андан ары жогорулап 8:0 менен бүттү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү мелдешинде Талас облусу үчүнчү оорунду алды.

Аталган команда бүгүн Бишкек шаарынан келген улакчылар менен беттешти.

Оюндун биринчи бөлүгү 4:0 эсеби менен Таластын пайдасына чечилди. Экинчи бөлүктө да Бишкек эсеп санын ача алган жок, андан ары жогорулап 8:0 менен бүттү. Үчүнчү бөлүгүндө гана эки салым жасоого үлгүрдү.

Натыйжада 11:2 эсеби менен Талас облусу жеңишке жетип, 3-орунду камсыздады.

Мындан соң Чүй облусу менен Ош облусунун командалары финалдык беттешке чыгат.

Көк бөрүнүн жалпы байге фондусу — 800 миң сом.

Ал төмөндөгүдөй бөлүнөт:

  • 1-орунга — 300 миң сом;
  • 2-орунга — 200 миң сом;
  • 3-орунга — 100 миң сом;
  • 4-орунга — 50 миң сом;

5-9-орундарга 30 миң сомдон берилет.

Белгилер:
Улуттук көчмөндөр оюндары, Бишкек, Талас, Көк бөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ