10:21 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Грек-рим күрөшү. Архив

Кыргызстандын өспүрүм балбандары Таиланддагы Азия чемпионатына даярданууда

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
51 0 0

Быйылкы Азия чемпионаты Чонбури (Таиланд) шаарында 9-14-июль күндөрү өтөрү белгилүү болду.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы курама командасы Азия чемпионатына Бишкекте даярданып жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Билдирмеге ылайык, жалпысынан 18 бала Бишкектеги спорт залдардын биринде машыгуу өткөрөт. Анда 28-июндан 6-июлга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары даярданса, 1-июлдан 11-июлга чейин эркин күрөштүн спортчулары камынары айтылат.

Спортчулардын машыгуусу үчүн спорт агенттигинин олимпиадалык дирекциясы тарабынан 396 миң сом каралган.

Быйылкы Азия чемпионаты Чонбури (Таиланд) шаарында 9-14-июль күндөрү өтөрү белгилүү болду.

Тема боюнча

Чолпон-Атада 20дан ашык өлкөдөн келген таэквондочулар күч сынашат
Антонина Шевченконун UFC уюмундагы кезектеги беттеши. Атаандашы ким
Белгилер:
машыгуу, балбан, күрөш, Азия чемпионаты, Таиланд, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ