9 секундда жайлады! UFC мушкеринин чагылгандай нокауту видеодо

Жазылуу
Бул UFC алкагындагы оор салмактагылар арасындагы ыкчам жасалган экинчи нокаут болуп калды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Гринвилде өткөн UFC Fight Night 153 турниринде оор салмактагы бразилиялык мушкер Жаирзиньо Розенструйк өтө тез жасалган нокаут менен жеңишке жетип тарыхта калды.

​31 жаштагы спортчу америкалык атаандашы Аллен Кроудерди 9 секундда кулата чапкан.

Беттеш башталары менен эле Кроудер сол жагына эки муш жеп жыгылган.

Бул UFC алкагындагы оор салмактагылар арасындагы тездик менен жасалган экинчи нокаут болуп калды. 1996-жылы өткөн турнирде Дон Фрай 8 секунд ичинде Томас Рамирести сулатып, рекорд жараткан.

Маалыматта бразилиялык Розенструйк катары менен сегизинчи ирет жеңишке жетишкени айтылат. Ал эми Кроудер 14 беттешиндеги төртүнчү жолу жеңилип жатышы.

Жаңылыктар түрмөгү
0