БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Токмок шаарында 13-16-июнь күндөрү ардагерлер арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Ага ылайык, мелдешке 30 жаштан 74 жашка чейин эркектер катыша алат.
Мелдеш 55 килограммга чейинки, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109 жана 109 салмактан жогорку категория боюнча өтөт. Андан сырткары, катышуучулар жаш курагына жараша да бөлүнөт.
Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйлана турганы айтылды.