12:08 24 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR77.8085
  • RUB1.0831
Шахмат оюну. Архив

Жаш шахматчылар президенттин кубогу үчүн ат салышат

© Sputnik / Сергей Пятаков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

Байгелүү орундар үчүн республиканын бардык аймагынан келген өспүрүм кыздар жана балдар катыша алат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жаш балдар арасында шахмат боюнча КР президентинин VI кубогу өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 18-24-март күндөрү Бишкектеги отелдердин биринде өтмөкчү.

"Байгелүү орундар үчүн республиканын бардык аймагынан келген 6-14 жаштагы өспүрүм кыздар жана балдар катыша алат", — деп айтылат билдирмеде.

Шахмат боюнча президенттин VI кубогу эл аралык эреже (FIDE) менен өткөрүлөт.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Аркадий Дворкович жана башка ардактуу коноктордун келиши күтүлүүдө.

Тема боюнча

Жаз деми!.. Апрелде Бишкекте салтка айланган жарым марафон өтөт
Белгилер:
өспүрүм, мелдеш, шахмат, президент, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ