Кыргызстандык футболчу белоруссиялык клуб менен үч жылга келишим түздү

Жазылуу
Футболчу буга чейин "Алга, Бишкек" футбол клубунда ойноп келген.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу белоруссиялык клуб менен келишим түздү. Бул тууралуу өлкөнүн аталган спорттун түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын чабуулчусу Гулжигит Алыкулов чет өлкөлүк "Неман" клубунунун атынан үч жыл ойнойт.

Ушул жылдын март айында башталчу Белоруссиянын чемпионатында ал оюн талаасына чыга баштайт. Алыкулов буга чейин "Алга, Бишкек" футбол клубунда ойноп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0