Ура! Азия кубогунда Кыргызстан плей-оффко чыкты

© AFPКубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук команда тарыхта биринчи жолу Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойнойт.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун 1/8 финалына чыкты. 

Улуттук команда тарыхта биринчи жолу Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойнойт. Буга чейин Кыргызстан тайпалаштары Кытай (1:2) жана Түштүк Кореядан (0:1) утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде жеңген. Муну менен үч упай топтой алышты. 

Турнирдин регламентине ылайык, плей-оффко алты тайпадан (ар биринде төрттөн команда) экиден команда суурулуп чыгат. Вьетнамдын командасы Йеменден утулуп калгандыктан Кыргызстан упайлык эсеп менен артыкчылык көрсөтүп плей-оффко чыга алды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0