14:32 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR79.3952
  • RUB1.0462
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив

Шевченко менен Енджейчиктин беттешин көрсөтчү каналдар жана сайттар. Тизме

© Фото / Анастасия Марченко
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
48010

Беттешти жергиликтүү телеканалдар көрсөтпөйт.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан редакциясы Валентина Шевченко менен Жоанна Енджейчиктин 9-декабрдагы беттешин кайсы каналдар жана сайттар көрсөтөрүн тизмектеп чыкты.

Чемпиондук наам үчүн кармаш 9-декабрда Торонтодо (Канада) өтөт. Ал UFC 231 турниринин башкы окуясы болору айтылган.

Шевченко жеңишке жетсе, UFC уюмунун мурдагы Союз өлкөлөрүнөн чыккан алгачкы аял спортчусу боло алат. Буга чейин эркектер арасында мушкер Хабиб Нурмагомедов чемпион аталган.

Маалыматка караганда, беттешти жергиликтүү телеканалдар көрсөтпөйт.

Ал эми уюмдун сайтында айтылгандай, каалагандар 40 доллар төлөп жазылгандан кийин аны UFC Fight Pass каналынан көрө алышат.

Төмөндөгү спорттук каналдар менен сайттар беттешти түз алып көрсөтөт. Бирок биздин аймакта көрсөтүүгө укугу жокторду "жаап" коюшу мүмкүн.

— "Матч ТВ" телеканалы

— "Матч Боец" телеканалынын сайты

— Setanta сайты

— Rostrek.com спорт порталы

— Cageside.ru сайты

Тема боюнча

Шевченкону теше тиктеген Енджейчик. Көз караштар таймашы
UFC Валентина Шевченконун боло турган беттешинин проморолигин көрсөттү
Белгилер:
сайт, канал, беттешүү, Жоанна Енджейчик, Валентина Шевченко
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ