Сонун оюн болду! Футбол беттешинде Кыргызстан Сирияны утуп алды

© Фото / пресс-служба ФФКРТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Сирии по футболу
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Сирии по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Командалар 2019-жылы боло турчу Азия кубогуна даярдык көрүү иш чараларынын алкагында беттешти.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Сириянын курама командалары жолдоштук беттеш өткөрүп кыргызстандык футболчулар 2:1 эсеби менен жеңишке жетти.

Япондордон кем калышпайт. Кыргыз футбол күйөрмандары стадионду тазалашты - Sputnik Кыргызстан
Япондордон кем калышпайт. Кыргыз футбол күйөрмандары стадионду тазалашты
Эсеп экинчи таймдан кийин ачылды. Алгач кыргызстандык оюнчулар атаандаштын дарбазасына топ киргизди. Алардын артынан сириялыктар эсепти тендеди. Акыркы ирмемдерде спортчу Бекжан Сагынбаев дагы бир топ киргизип, Кыргызстандын командасын женишке жеткирип, эсеп 2:1 болду 

Оюнду көрүүгө келгендердин коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыздады. Андан сырткары Тез жардам кызматынын дарыгерлери менен өрт өчүрүүчүлөр күзөтүп турушту.

Оюнга казакстандык Александр Алиев башкы калыс болду. Андан сырткары Александр Павлов менен Алибек Абубакиров башкы калыска жардам беришти.

Ал арада стадиондо электр жарыгы эки ирет өчтү

Командалар 2019-жылы боло турчу Азия кубогуна даярдык көрүү иш чараларынын алкагында беттешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0