Азиада чемпиону Төрөхан Багынбай уулунун энеси: үч уулду жалгыз тарбияладым

© Фото / Улан Багынбай уулуМать чемпиона Азиатских игр Торохана Багынбай Уулу Чолпон Жузбаева
Мать чемпиона Азиатских игр Торохана Багынбай Уулу Чолпон Жузбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчулар ушул тапта Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында күч сынашууда. 23-августта курама команданын капчыгына алгачкы алтын медалды жиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулу алып келип, кыргыз элин чоң кубанычка бөлөдү.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Азия оюндарынын чемпиону Төрөхан Багынбай уулунун апасы Чолпон Жүзбаева менен байланышып, кыскача маек курду.

— Уулуңуздун жеңишине сиздин салымыңыз арбын болсо керек. Алгач Төрөхан алтын утту деген маалыматты кимден уктуңуз?

— Эки-үч айдан бери уулумду көрө элекмин, машыгуу менен жүрүп андан ары мелдешке кеткен. Ошол убактан бери уйкум качып, оюм бөлүнүп, жасаган ишим чала-бучук болуп жүрөт (күлүп). Балам мелдешке чыгаарга үч күн калганда аябай толкундандым. Кечээ бир тууган эжемдин баласы "куттуктайм, финалга чыкты" деп телефон чалыптыр, "рахмат" дегенден башка сөз айта алган жокмун. Кечке кыжалат болуп жүрдүм. 3-4 сааттан кийин кайра эл чалып "утту" деп сүйүнчүлөдү. Аябай ыйладым. Баламды сагындым, спортчунун апасы болуу оңой эмес экен. Кеч курун интернеттен сүйлөштүк, эми аман-эсен келишин күтүп жатам. Ошондон бери бери куттуктоолорго бөлөнүп жүрөм. 

© REUTERS / Issei KatoТөрөхан Багынбай уулу грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону, жиу-житсуга келгенине эки жылга чамалап калды
Төрөхан Багынбай уулу грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону, жиу-житсуга келгенине эки жылга чамалап калды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Төрөхан Багынбай уулу грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону, жиу-житсуга келгенине эки жылга чамалап калды
© REUTERS / Issei KatoБалбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашат
Балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашат - Sputnik Кыргызстан
2/2
Балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашат
1/2
Төрөхан Багынбай уулу грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону, жиу-житсуга келгенине эки жылга чамалап калды
2/2
Балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашат

— Төрөхан балдардын канчанчысы, деги эле үй-бүлөңүздөр тууралуу учкай айта кетсеңиздер?

— Турмуш экен, үч уулду жалгыз тарбиялап өстүрдүм. Жолдошум менен Төрөхан төрт жашында ажырашканбыз, атасы бизге каралашкан жок. Ушул балдарды чоңойтуп, эл-жерине жарасын дечү элем, эми мына ийгиликтерин көрүп жатам.

Өзүм 57 жаштамын, мектепте башталгыч класстарга сабак берем. Үч уулум тең кесиби боюнча юрист. Улуусу Улан ИИМде эмгектенет, үй-бүлөлүү. Кийинкиси Баяман, иниси Төрөханды машыктырат. Экөө тең бойдок.

— Төрөхан спортко кандайча келип калган?

— Балам тай кезинен спортко жакын өстү. Себеби улуу агасы кикбоксчу, ортончусу күжүрмөн самбо менен машыкчу. 7-классты аяктаганда борбордогу Шералы Сыдыков атындагы спорт мектептин эркин күрөш бөлүмүнө окуткам. Аны бүткөндө Ошко университетке тапшыртып, жаныма алып алдым. Кичүү бала болгондон кийин үйдө турушун кааладым. Маалы менен Бишкекке, Москвака машыгууларга барып турат. 

© пресс-служба ГАМФКиСАзиадада алтын уткан Багынбай уулунун сүйүнүчү, жеңиши, рахматы... Видео
Азиадада алтын уткан Багынбай уулунун сүйүнүчү, жеңиши, рахматы... Видео - Sputnik Кыргызстан
Азиадада алтын уткан Багынбай уулунун сүйүнүчү, жеңиши, рахматы... Видео

— Азия оюндарына чейинки ийгиликтери тууралуу айта кетсеңиз?

— 2015-жылы Түркиядагы грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында күмүш, 2016-жылы Минскиде коло, 2017-жылы Санкт-Петербургдагы дүйнө кубогунда эки алтын (кимоно, кимоносуз), 2018-жылы Бишкектеги Азия чемпионатында да эки алтынга (кимоно, кимоносуз) тагынган.

Акыркы эки жылдан бери грэпплингге кошуп жиу-житсу менен да алектенип келет. Мындай караганда эки спорттун окшош жагы арбын экен. Бул жолку Азия оюндарында жиу-житсудан алтын алып сүйүнттү. 

© REUTERS / Issei KatoТөрөхан Багынбай уулу Азия оюндарында курама команданын капчыгына алгачкы алтын медалды алып келе алды
Азиатские игры 2018. Джиу-джитсу до 69 кг. Награждение - Sputnik Кыргызстан
Төрөхан Багынбай уулу Азия оюндарында курама команданын капчыгына алгачкы алтын медалды алып келе алды

— Уулуңуз спорттон тышкары эмнеге кызыгат?

— Жумуш жасаганды жакшы көрөт. Колунан келсе бардыгына жардам бергиси келет. Беш убак намаз окуйт. Оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн, мээримдүү бала. Быйыл окуусун бүттү, азыр спорт менен эле жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0