Кыргызстанда биринчи жолу тоодо чуркоо мелдеши өтөт

Жазылуу
Жарыш 12-августта Кегети капчыгайы жана Көл-Төр көлүнүн айланасында болмокчу.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу Көл-Төр көлүнүн аймагында бийиктикке чуркоо (скайраннинг) боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар кабарлады.

Маалыматка караганда, Kol-Tor Race 2018 аттуу жарыш 12-августта Кегети капчыгайы жана Көл-Төр көлүнүн айланасында болмокчу.

Скайраннинг — адамдардын тоо койнунда бийиктикке карай массалык түрдө чуркоосу.

"Бул жарышка спортчулар, альпинисттер, жеңил атлеттер ошондой эле Кыргызстан жана чет өлкөдөн келген ышкыбоздор катышып өз күчүн сынай алат. Алар жети чакырым аралыкты басып өтүшү керек", — деп айтылат маалыматта.

Марага алдыңкы болуп келгендерге уюштуруучулар тарабынан атайын сыйлыктар жана медалдар тапшырылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0