Кыз зордуктап кесилген япон дзюдочусу КР спортчуларын машыктырат. Себеби

© AFP / OLIVIER MORIN Олимпиада оюндарынын эки жолку чемпиону Масато Утисиба. Архив
Олимпиада оюндарынын эки жолку чемпиону Масато Утисиба. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониялык дзюдочу буга чейин Кыргызстанга келип кеткендиги жана ушул жылдын август айынан тарта ишке кире тургандыгын айткан.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Зордуктоо үчүн абакка отуруп чыккан дзюдочу, Олимпиада оюндарынын эки жолку чемпиону Масато Утисиба Кыргызстандын курама командасын машыктырат. Бул тууралуу The Japan Times гезити жазды.

Мушкерге медициналык жардам көрсөтүп жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласыздан залдагы байкени "доктур" кылып алган. Өлкөдөгү спорт медицинасынын кейпи
Басылманын маалыматына ылайык, 40 жаштагы дзюдочу абактагы беш жылдык жаза мөөнөтүнөн кийин спортко кайтууда. Ал 2011-жылы мас абалындагы студент кызды зордуктаган. Жабырлануучу Токиодогу университеттердин бириндеги дзюдо клубунда тарбияланчу.

Утисиба ошол жылдын декабрь айында кармалып, кийинки жылы Япониядагы Дзюдо федерациясынын мүчөлүгүнөн ажыратылган.

Ошондой эле басылмада Кыргызстандын улуттук курама командасы 2020-2024 жылдары өтө турчу Олимпиада оюндарында машыктыруучунун жардамына үмүт артып жаткандыгы айтылат.

"Мен курама командага спортту сүйгөндү үйрөтүп, дзюдо боюнча чоң ийгиликтерге жетишине салым кошкум келет. Мындай нерсе мен кеткенден кийин да болсо дейм", — деген спортчунун сөзүн келтирет басылма.

Япопиялык дзюдочу буга чейин Кыргызстанга келип кеткендиги жана ушул жылдын август айынан тарта ишке кире тургандыгын айткан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы КРдин Дзюдо федерациясынын башкы катчысы Азамат Исабеков менен байланышканда япониялык дзюдочу Масато Утисиба улуттук курама команданы эмес, жеке дзюдо клубдун спортчулардын машыктыра тургандыгын айтты.

Девушка во время тренировки по боксу - Sputnik Кыргызстан
Мелдешке баруу үчүн насыя алып, карызга баткан спортчу кыздар. Мамагенттик үн катты
"Утисиба Япониянын жараны болгондон кийин улуттук курама команданы машыктырууга акысы жок. Дзюдо федерациясы жарым жыл мурда Бишкектеги жеке спорттук клубга олимпиада чемпиону Масато Утисиба менен иштешип, келишим түзүүгө жардам берген. Себеби сырттан машыктыруучу алып келүү үчүн Эл аралык Дзюдо федерациясы менен кеңешиш керек. Жарым жылдай сүйлөшүү жүрүп, бир ай мурда кол коюлду. Бирок ага канча акча төлөнөрү, канча жылга келгендиги айтылбайт. Бизге биринчи кезекте Утисибанын спорттогу профессионалдуулугу маанилүү болуп турат, ошондуктан курама команданын ассистент, консультанттык иштерине да тартканга аракет кылабыз", — деди Исабеков.

Утисиба 2004-жылы Афинадагы, ал эми 2008-жылы Пекиндеги Олимпиада оюндарында 66 килограмм ченде алтын медаль уткан. Ошондой эле ага улуттук баатыр наамы ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0