Үлгү алсак! Япондуктардын футбол бүткөн соң стадионду жыйнап кеткен видеосу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЯпониялык футбол күйөрмандары
Япониялык футбол күйөрмандары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япония менен Колумбиянын футбол командаларынын беттеши Мордовиянын борборунда болду.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Япондук күйөрмандар Саранскиде футбол боюнча чемпионаттын алкагында өткөн Япония — Колумбия командаларынын беттешинен кийин стадионду жыйнап кетти.

Колумбиялык күйөрмандар тарткан видео Youtube каналына жарыяланган. Анда футбол көрүүгө келген япондуктар желим баштыкка ыргытылган стакандарды, тамак-аш салынган кагаздарды жана башка таштандыларды салып жаткандыгын көрүүгө болот.

Япония менен Колумбиянын футбол командаларынын беттешти Мордовиянын борборунда болуп, жыйынтыгында Күн чыгыш өлкөсү жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0