Улан Молдодосов: спортчулар азыр акчаны биринчи планга коюп калышты

© AFP / JUNG YEON-JEТяжелоатлет Уланбек Молдодосов
Тяжелоатлет Уланбек Молдодосов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор атлетчи Улан Молдодосов дүйнөлүк жана азиялык мелдештерде бир нече жолу Кыргызстандын туусун жайкалтып, гимнин жаңырткан. Жөнөкөйлүгүнөн жазбаган спортчу азыр Оор атлетика боюнча федерациянын вице-президенти.

Кыргызстандын бир нече жолку рекордчусу, эки жолку Олимпиада оюндарынын катышуучусу Улан Молдодосов спорттук карьерасы аяктагандан кийин да бул багытта алгылыктуу иш алып барууда. Ал федерациядагы кызматы менен бирге машыктыруучулук менен да алектенип, жаштар менен өз тажрыйбасын бөлүшүп келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги бүгүн 42 жашка толгон оор атлетчи менен кезигип спорттук карьерасы, оор атлетиканын азыркы абалы жана келечеги тууралуу баарлашты. 

© Sputnik / Азат АкаевМолдодосов: чыныгы спортчу өмүрүн спорттун бир түрүнө арнап, аны кадимки кесиптей көрүшү керек
Вице-президент Федерации тяжелой атлетики КР Улан Молдодосов - Sputnik Кыргызстан
Молдодосов: чыныгы спортчу өмүрүн спорттун бир түрүнө арнап, аны кадимки кесиптей көрүшү керек

– Улан мырза, спорттун бул түрү менен кантип алектенип калдыңыз эле?

– Мен СССР убагында тарбия алдым. Ал убакта ар бир өспүрүм спорт менен алектениши керек болчу. Анын үстүнө спорттук үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Өмүржан Молдодосов — белгилүү машыктыруучу. Өзүм Токтогул районунда чоңойдум. Бардык балдар сыяктуу эле футбол ойноп, эркин күрөш менен машыгып жүрүп, оор атлетикага катышып калдым. Башында спорттун бул түрүн бир аз түшүнбөй жүрдүм. Оор нерсени көтөрө бергенден эмне чыксын деген ойлор болду. Бирок бара-бара оор атлетиканын чыныгы маанисин, сырын түшүнгөн соң аябай жагып калды. Атамдан, агайларымдан алган тарбиянын аркасы менен чыныгы спортчуга айландым десем болот. Азыр элдин баары спортчумун деп жүрбөйбү. А чыныгы спортчу өмүрүн спорттун бир түрүнө арнап, аны кадимки кесиптей көрүшү керек.

– Спорт менен машыгууңуз СССР кыйраган убакка туш келиптир. Ошондой кыйын кезеңде машыгуу оңой болбосо керек?

– Албетте кыйын болчу. Эсимде, атам машыктыруучу эле, бирок машыгуу залында спортчулар калбай калган. Баары акча табуунун машакатында болуп, коммерция менен алектенип кетишти. Атам экөөбүз унаа менен базарларды кыдырып спортчуларды чогултчубуз. Анан атам аларды кайрадан машыгуу залына алып келчү. "Убактылуу акча табуу эч нерсеге алып келбейт, андан көрө спорт менен машыккыла, окугула" дечү. Спорттун негизги приоритети — бир нерсе менен алек болуу. Болбосо өспүрүм убакта туура эмес жолдорго кирип кетүү оңой. Жеке менин өзүмдү да спорт туура жолго багыттады деп айта алам. Себеби, 1990-жылдарды баары эле билет. Криминалга аралашуу оңой болчу. Андан сырткары, оор атлетика адамдын психологиялык жактан күчтүү болуусуна абдан жардам берет. Жашоодогу кыйынчылыктарга чөкпөй, аларды көтөрө билүүнү үйрөтөт. 

© AP Photo / Andres LeightonМолдодосов: спорт жашоодогу кыйынчылыктарга чөкпөй, аларды көтөрө билүүнү үйрөтөт
Тяжелоатлет Уланбек Молдодосов  - Sputnik Кыргызстан
Молдодосов: спорт жашоодогу кыйынчылыктарга чөкпөй, аларды көтөрө билүүнү үйрөтөт

– Сиз эгемен Кыргызстандагы эң ийгиликтүү оор атлетчилердин бирисиз. Ийгиликтерди багындырууңузга эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Абсолютный чемпион КР по бодибилдингу Келдибек Атайбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Кыздар кыя өтпөгөн Келдибек: кыргыздын жигиттери майдаланып баратат
– Спорттук көз-караш менен айтканда ийгиликке жетүүнүн эң негизги жолу — машыгуу. Мен машыгууларымды үзгүлтүккө учуратпоого аябай аракет кылчумун. Оор атлетикада режимди сактоо да эң башкы нерселердин бири. Мисалы, досторум менен эс алып жүргөн учурларда эрте эле үйгө кетип калчумун. Себеби, убагында уктап, эртең менен машыгууга барышың керек. Ушуга окшогон майда көрүнгөн нерселер топтолуп олтуруп чоң ийгиликти жаратат. Ошол эле убакта ишиңди чын жүрөгүң менен сүйүшүң керек. Азыр спортчулардын көбү акчаны биринчи планга коюп алышты. Бир мелдеште утсам каражат же батир беришет деген ойдо болушат. Же балким менин тарбиям андан алыс болгондуктанбы, акча маселесинен алыс болчумун. Өзүм унутуп калсам спорт комитети "айлыгыңды алып кет" деп эскертип турчу. Ар бир спортчу ийгиликке жетүүнү гана негизги максат кылышы керек.

– Мелдештерге катышып көп эле өлкөлөрдү кыдырып келдиңиз. Эсте калган окуялардан айта кетсеңиз?

– Япониянын Осака шаарына мелдешке барганбыз. Жыйынтыгында 8-орунду алып калдым. Ошондо аябай капа болуп бир жума мейманканадан чыкпай, жуурканды оронуп жаткам. Кыргызстанга келсем баары эле менден Япония тууралуу сурайт.

– Байгелүү орунду алганда туу көтөрүлүп, гимн жаңырат эмеспи. Ошол кезде кандай сезимдер болот?

– Ал учурду айтып жеткирүү кыйын. Көп эле жолу байгелүү орундарга ээ болдум. Кыргызстанга келгенде көкөлөтүп тосуп алышчу. Бирок мен ашыкча сүйүнгөн жан эмесмин. Жумушумду татыктуу аткарышым керек деген гана ой менен жүрчүмүн. 

© AP Photo / David LongstreathМолдодосов: ийгиликке жетүүнүн эң негизги жолу — машыгуу
Тяжелоатлет Уланбек Молдодосов - Sputnik Кыргызстан
Молдодосов: ийгиликке жетүүнүн эң негизги жолу — машыгуу

– Көпчүлүк спортчулар айрыкча эл аралык мелдештерге катышуунун оордугун айтып калышат.

– Мен бул сөзгө толугу менен кошулам. Айрыкча оор атлетикада штанганы бир эле мүнөт көтөрөсүң. Жылдап машыккан эмгегиң бир-эки сааттын ичинде кетип калат. Андыктан ар бир жеңиш оор болчу. Психологиялык басым да аябай күчтүү болот. Көпчүлүк спортчулар машыгууда оңой эле көтөргөн салмактарга алы жетпей калат. Атаандаштар кыйкырып тоскоол болгон учурлар кездешет. Бирок бул жолду тандагандан кийин алардын баарын көтөрө билишиң керек.

– Спорттук карьераңызда өкүнгөн учуруңуз болду беле?

– Ар бир мелдештен кийин аны мындай же тигиндей кылсам болмок деп ойлончумун. Түнү менен уктабай кыйналып чыккан учурлар көп эле болгон. 2003-жылы Канадада дүйнөлүк чемпионат өткөн. Ар бир кишинин жашоосунда күчкө толуп турган бир убагы болот экен. Ошол жылдары менин да спорттук жактан болуп-толуп турган кезим эле. Бирок каражат тартыш болуп, анын айынан көп адамдар менен талашып-тартышпайын деп Канадага баруудан баш тарткам. Ошол чемпионатты ирандык жакын досум утуп кетти. Ал жулкуп 155 килограмм, түртүп 200 килограмм оордукту көтөрүп алтын алды. А мен машыгууларда күн сайын 165 килограммды жулкуп, 195 килограммды түртүп көтөрчүмүн да. Ошондо бир аз өкүнгөм. 

© Фото / предоставлено Уланом МолдодосовымМолдодосов: Өзүм унутуп калсам спорт комитети "айлыгыңды алып кет" деп эскертип турчу
Тяжелоатлет, тренер Улан Молдодосов - Sputnik Кыргызстан
Молдодосов: Өзүм унутуп калсам спорт комитети "айлыгыңды алып кет" деп эскертип турчу

– Азыркы вице-президенттик кызматыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

– Бул коомдук кызмат. Оор атлетчилер чогулуп бир адамды башчы катары тандашат. Мамлекеттик органдар, дүйнөлүк, региондук федерациялар менен мамиле түзө билүү керек. Негизи эле федерацияда иш аябай көп. 2010-жылдары оор атлетиканын өлкөдөгү абалы аябай начар болчу. Аны ошондой кыйын абалдан чыгарган адамдардын биримин деп ачык айта алам. 2010-жылы мэрия жана жергиликтүү депутаттардын колдоосу менен Бишкек шаардык оор атлетика спорт мектебин ачканбыз. Азыр ошол мектепти жетектеп келем. Ишти баштаар алдында план койгонбуз. "Ар кандай кичинекей турнир, гран-прилерди жөн эле коёлу. Башкача айтканда "жыгач" медаль менен мактануунун кажети жок. Бүткүл күчүбүздү Олимпиада оюндарына жолдомо алууга жумшайлы. Жолдомо алгандан кийин бир-эки спортчуну катуу даярдайлы. Ошондо ийгиликке жетишсек бир эле оор атлетика эмес, жалпы өлкөбүздүн аброю өсөт" дегенбиз. Анын жыйынтыгында Иззат Артыковду чыгардык. Азыр дагы ошондой максатыбыз бар. Бирок баары бир колдоо жок болсо жыйынтык чыгарыш кыйын. Сындоо, суроо берүү оңой. Спортчуга бут кийимин сатып бере албай, жетиштүү тамак-аш менен камсыздабай туруп ийгилик күтүү бир аз туура эмес. Андыктан жетекчиликке спортко күйгөн адамдар келип иштебесе жөн эле отуруп кеткендер жарытпайт.

– Федерациянын жакынкы пландары кандай?

– Ушул июль айынын башында Ташкентте дүйнөлүк конгресс болот. Оор атлетикага жаңы эки салмак кошулат, салмактардын категориялары алмашканы жатат. Ошол нерселер талкууланат. Аны менен бирге эле Олимпиадага жолдомо алуунун жаңы жолдору түшүндүрүлөт. Бир ай мурда Өзбекстанда өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты болду. Кыргызстандын курамасы 4-орунду алды. Мындан улам күзүндө Аргентинада өтө турган өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарына бир жолдомо алдык. Азыр Ысык-Көлдө сегиз бала машыгууда жүрөт. Алардын ичинен татыктуу бирөөнү тандайбыз. Чоңдор арасында баарыбыз Иззат Артыковду билебиз. Бирок азыр андан да ашып түшө турган балдар чыга баштады. Андыктан оор атлетикада дагы көптөгөн ийгиликтерди багындыраарыбызга ишеним чоң. 

© Фото / Федерация тяжелой атлетики КРМолдодосов: айрыкча оор атлетикада штанганы бир эле мүнөт көтөрөсүң. Жылдап машыккан эмгегиң бир-эки сааттын ичинде кетип калат.
Тяжелоатлет Уланбек Молдодосов - Sputnik Кыргызстан
Молдодосов: айрыкча оор атлетикада штанганы бир эле мүнөт көтөрөсүң. Жылдап машыккан эмгегиң бир-эки сааттын ичинде кетип калат.

– Иззат Артыков кайрадан мелдештерге катышууга даярданып жатабы?

– Иззатка 9-августтан тарта мелдештерге катышууга расмий уруксат берилет. Келе жаткан Азия оюндарына катышаар-катышпасы азырынча белгисиз. Абдан оор психологиялык сыноодон өттү. Мурдагы калыбына келүүсүнө дагы убакыт бар. Баарыбыз ага убагында колдоо көрсөтүшүбүз керек болчу. Себеби допинг окуясы да түшүнүксүз болуп калды. Тыюу салынган 4 миңдей зат бар экен. Анча-мынча медициналык дарыларда андай заттар бар. Азыр Иззаттын мелдешке катышам деген катуу каалоосу бар.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык спорт чебери Үсөнкан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Иззат Артыковду таптаган чыгаан устат Үсөнкан Майназаров тууралуу 7 факты
– Жубайым Асел экөөбүз эки баланы тарбиялап жатабыз. Улуусу он, кичүүсү сегиз жашта. Жакында кичүү уулум менен сүйлөшүп жатып, ага оор атлетчи бол дедим. Балам ал жакта көп акча береби дейт. Жок, бирок ден-соолугуң чың болот, ийгиликке жетишсең эл сени сыйлайт дедим. Футболчулар көп акча табат экен, футболго барам деп күлдүрдү. Негизи эле балдарды спортко бериш керек. Анын шахмат болобу же футбол болобу, айырмасы жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0