Жээнбеков футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУчактан түшүп жаткан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Учактан түшүп жаткан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчыны Москвага РФ президенти Владимир Путин чакырган.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Россияга иш сапар менен бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда мамлекеттин жетекчиси Москва шаарына РФ президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бармакчы.

"Сапардын алкагында Жээнбеков Москвада 14-июнда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, КР президентинин россиялык кесиптеши менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0