09:52 21 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Ош шаарында жазгы массалык чуркоого 7 жаштан 70 жашка чейинки 3000ден ашуун адам катышты

Оштун борбордук аянтында 3000ден ашуун адам чуркап күч сынашты

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
11110

Катышуучулар эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, төрт дистанция менен жарышкан.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ош шаарында жазгы массалык чуркоого 7 жаштан 70 жашка чейинки 3000ден ашуун адам катышты. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

  • Ош шаарында жазгы массалык чуркоого 7 жаштан 70 жашка чейинки 3000ден ашуун адам катышты
    Ош шаарында жазгы массалык чуркоого 7 жаштан 70 жашка чейинки 3000ден ашуун адам катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Жөө күлүктөрдүн жарышы бүгүн, 14-апрелде, Ош шаарынын борбордук аянтында болуп өттү
    Жөө күлүктөрдүн жарышы бүгүн, 14-апрелде, Ош шаарынын борбордук аянтында болуп өттү
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Спорттук иш-чаранын ачылышына биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров, Оштогу дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев келди
    Спорттук иш-чаранын ачылышына биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров, Оштогу дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев келди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды.
    Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 4
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында жазгы массалык чуркоого 7 жаштан 70 жашка чейинки 3000ден ашуун адам катышты

Жөө күлүктөрдүн жарышы бүгүн, 14-апрелде, Ош шаарынын борбордук аянтында болуп өттү. Спорттук иш-чаранын ачылышына биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров, Оштогу дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев келди.

"Катышуучулар эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты. Анда калаадагы мекеме менен ишканалардын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттык сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күч сынашты", — деп айтылат маалыматта.

Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды. Иш-чаранын максаты спортту калк арасында жайылтуу болуп саналат.

Тема боюнча

Белим бекчейе элек! Бишкекте 60 жаштан өткөндөр жарышка түштү. Сүрөттөр
Айылдык кыздарды багып, чемпион кылган Үсөналы агай: батирге 17 миң сом төлөйм
Белгилер:
жарыш, Спорт, чуркоо, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ