21:41 20 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Волейбол ойноп жаткан спортчулардын архивдик сүрөтү

Оштун мамкызматкерлери жана студенттери волейбол, баскетбол боюнча мелдешке чыгат

© Sputnik / Владимир Песня
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
72 0 0

Мелдеш 21-22-февраль күндөрү өткөрүлөт

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Ошто Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт. Бул туурасында Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.

Иш-чара 21-22-февраль күндөрү Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтүп, эки топко бөлүнүп мелдешишет. Биринчи топто Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканалардын, күч түзүмдөрүнүн, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери күч сынашат. Ал эми экинчи топто калаанын жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери ойнойт.

Жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан диплом, кубок жана баалуу белектер менен сыйланат.

Мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет.

Мелдешке катышууну каалаган мекемелер 20-февралга чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине кайрыла алышат.

Волейбол демекчи, өлкөдөгү мыкты волейболчулардын бири, спорт чебери Оңолбек Каныбек уулу тууралуу 8 фактыны билип алыңыз.

Тема боюнча

Кыргызстандык өспүрүм таэквандочулар Казакстандан 11 медаль менен кайтты
Грэпплинг боюнча өлкө биринчилигинде Азия чемпионатына катышчулар тандалат
Белгилер:
волейбол, баскетбол, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ