БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Азиянын чемпиону болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-сентябрда Өзбекстанда өтүп жаткан Азия биринчилигинде Денис Петрашов өспүрүмдөр арасында 100 метрге жарышкан. Аталган аралыкта бир мүнөт 2,62 секундада өтүп, биринчи келген.
Андан сырткары, Ташкент шаарындагы мелдеште кыргызстандык Кирилл Вайс менен Влад Шулико 50 метр аралыкта ат салышып, күмүш медаль тагынды.