Криштиану Роналду салык төлөбөгөнү үчүн кесилип кетиши мүмкүн

© REUTERS / Susana Vera
Футболист ФК "Реал Мадрид" Криштиану Роналду
Футболист ФК Реал Мадрид Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испаниянын салык кызматынын маалыматына караганда, футболчу 2011-2014-жылдар аралыгында өз кирешесинен сегиз миллион евро салык төлөгөн эмес.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. "Реал Мадрид" футбол клубунун жана Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду кылмыш жоопкерчилигине тартылып же сегиз миллион евро өлчөмүндөгү айып төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу Еlespanol сайтына шилтеме берип Р-Спорт жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, эң көп кирешелүү футболчулардын сап башында турган Роналду 2011-2014-жылдар аралыгында имидждик укуктар боюнча кирешесинен сегиз миллион евро салык төлөгөн эмес.

"Испаниянын салык кызматында муну тастыктай турган документтер бар. Бирок спортчуну кылмыш жазасына тартуу же маселени административдик жол менен чечүү боюнча чечим кабыл алына элек", — деп айтылат билдирүүдө.

Эгер Роналдуну кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынса, ал ар бир жыл үчүн (2011, 2012 жана 2013) төрт айдан абакка отурууга туура келет. Ал эми административдик жол менен чечилсе, мамлекетке 8 миллион евро төлөп бериши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0