Мигрант кыргыздын чемпион уулу. 9 жашар балбан Россияда 27 медалга татыды

© Фото / Тилек АйтназаровМолодой боец по джиу-джитсу Темур Айтназаров
Молодой боец по джиу-джитсу Темур Айтназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темур Айназаров Россиянын Санкт-Петербург шаарында спорттун жиу-житсу, грэпплинг жана жоокердик самбо боюнча мелдештерге катышып ийгилик жаратып жүрөт. Ал соңку үч жылда Россиянын 27 медалына ээ болгон.

Темур беш жашынан тартып эле спортко аралаша баштаган. Учурда ал "Стоун Файт" деп аталган спорт клубунда бразилиялык Валсио Сенно аттуу машыктыруучунун колунда тарбияланууда.

"Спорт залга эки күндө бир жолу барам. Ал жерде жалгыз кыргызмын. Ошон үчүн да машыктыруучум мага башкача мамиле жасап, эрке баласындай болуп калгам. Дем алыш күндөрү атам экөөбүз бул жактагы кыргыздардын "Жаш күч" спорт клубуна да барып турабыз", — деди Айтназаров.

Ал жаш экенине карабай бир нече медалдарды багындырган. Азырынча Россиянын ичиндеги турнирлерге гана катышып келет. Мелдештерге барганда кеткен чыгымдарды да спорт клуб өзү төлөп берет экен.

© Фото / Тилек АйтназаровТемур Айназаров Россиянын Санкт-Петербург шаарында спорттун жиу-житсу, греплинг жана жоокердик самбо боюнча мелдештерге катышып ийгилик жаратып жүрөт.
Темур Айназаров Россиянын Санкт-Петербург шаарында спорттун жиу-житсу, греплинг жана жоокердик самбо боюнча мелдештерге катышып ийгилик жаратып жүрөт. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Темур Айназаров Россиянын Санкт-Петербург шаарында спорттун жиу-житсу, греплинг жана жоокердик самбо боюнча мелдештерге катышып ийгилик жаратып жүрөт.
© Фото / Айтназаров Тилексоңку үч жылда Россиянын 27 медалына ээ болгон.
соңку үч жылда Россиянын 27 медалына ээ болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/3
соңку үч жылда Россиянын 27 медалына ээ болгон.
© Фото / Тилек АйтназаровТемур беш жашынан тартып эле спортко аралаша баштаган. Учурда ал "Стоун Файт" деп аталган спорт клубунда бразилиялык Валсио Сенно аттуу машыктыруучунун колунда тарбияланууда.
Темур беш жашынан тартып эле спортко аралаша баштаган. Учурда ал Стоун Файт деп аталган спорт клубунда бразилиялык Валсио Сенно аттуу машыктыруучунун колунда тарбияланууда. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Темур беш жашынан тартып эле спортко аралаша баштаган. Учурда ал "Стоун Файт" деп аталган спорт клубунда бразилиялык Валсио Сенно аттуу машыктыруучунун колунда тарбияланууда.
1/3
Темур Айназаров Россиянын Санкт-Петербург шаарында спорттун жиу-житсу, греплинг жана жоокердик самбо боюнча мелдештерге катышып ийгилик жаратып жүрөт.
2/3
соңку үч жылда Россиянын 27 медалына ээ болгон.
3/3
Темур беш жашынан тартып эле спортко аралаша баштаган. Учурда ал "Стоун Файт" деп аталган спорт клубунда бразилиялык Валсио Сенно аттуу машыктыруучунун колунда тарбияланууда.

"Спорттун грэпплинг түрүнөн Санкт-Петербург шаарынын 4, жоокердик самбодон 3, ошондой эле Ленинград облусунун да 3 жолку чемпиону болгом. Ал эми жиу-житсу боюнча Карелия республикасынын 2, Ярославль облусунун 1 жолку чемпиондугун жана коло байгени багындыргам. Москвада өткөн Россиянын чемпиондугунда грэпплинг боюнча баш байгеге жана экинчи, үчүнчү орундарга жетишкем. Учурда май айында Москвада өтө турган эл аралык турнирге даярданып жатам", — деди жаш спортчу.

Мындан сырткары да бир нече байгелерди багындырып, жалпы жонунан 27 медалга ээ болгон. Ошону менен бирге Санкт-Петербург шаарындагы айрым мелдештерге кыргызстандык "Жаш күч" спорт клубунун атынан катышып турарын билдирди. 

"Окуган мектебимде дагы менден башка кыргыз жок. Бирок классташтарымдын баары менен досмун, мектептин дубалдарында дагы медалдарым илинип турат. Түштө окуудан келип, кайра эле спорт залга кетем. Үйүбүздүн да бир бөлмөсүн машыгуу залы кылып алганбыз. Келечекке койгон максатым — Кыргызстандын намысын коргоп Олимпиада чемпиону болуу!" — деп ал сөзүн жыйынтыктады.

Жаш спортчунун апасы Айша Таирова баласы үйдө машыгып жатканда далай жолу коңшуларынан даттануулар болгонун айтат.

"Биз көп кабаттуу үйдө жашагандыктан коңшуларыбыз "тынчтык бербейт экенсиңер" деп арызданып келе беришчү. Кийин Темур турнирлерден медалдарды алып келгенин көрүп унчукпай калышты. Эми үйдө да кеңири машыга беришет", — деди апасы.

Таирова баласы алгачкы жолу байге утканда сүйүнгөн сезимдери алиге чейин көз алдында турарын белгилейт.

Ак аюу каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык ММА спортчусу Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм
"Темур эң биринчи шаардын чемпиондугуна жетишкенде, тим эле дүйнөнү багындыргандай кубанганбыз. Ал медалын дубалга илип койсок, "апа, мен алтын уттум, муну сатып сизге шуба алып берейинби?" деп, чоң атасына да чалып "сизге машина алып берем" деп кубанткан. Анан көңүлүн калтырбайлы деп муну сатса болбойт, эстеликке сактап коюш керек деп койгонбуз", — деди Таирова.

Ал эми атасы Сардарбек Сайыпов Темурдун спортко кызыгуусу табиятынан экенин билдирди.

"Балабыздын эң күчтүү күйөрманы — чоң атасы. Ар бир ийгилигине кубанып, небереси менен сыймыктанып дем берип турат. Чоң атасы өзү да спорт менен машыккан киши. Мен да бул жактагы залдарга барып турам. Темурга колубуздан келишинче шарттарды түзүп берүүгө аракет кылабыз. Эркек баланын тың болгону жакшы. Андыктан балдарды спорт менен машыккыла дээр элем", — деди Сайыпов.

Темур Айтназаров Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылында туулган. Эки бир тууган. Ата-энеси 2008-жылдан бери Санкт-Петербург шаарында эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0