Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келбей калды

© AP Photo / Andre PennerРоссийский боец Хабиб Нурмагомедов
Российский боец Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Нурмагомедов Бишкек шаарында өтө турган WEF Global 7 — Kyrgyzstan vs Georgia турнирине конок катары келээри айтылган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы мушкери, буга чейин бир дагы ирет жеңилбеген россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келбей калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясынан (WEF) билдиришти.

Эске сала кетсек, буга чейин Нурмагомедов 25-март күнү Бишкек шаарында өтө турган WEF Global 7 — Kyrgyzstan vs Georgia турнирине конок катары келээри айтылган.

Аталган турнирде кыргызстандык спортчулар Грузиядан келген мушкерлер менен беттешет.

"Хабиб ден соолугуна байланыштуу Германияга барууга аргасыз болгондуктан Кыргызстанга келбей калды. Бирок ал Кыргызстандыктардан кечирим сураган видео кайрылуу жасайт", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Хабиб Нурмагомедов 4-март күнү Тони Фергюсон менен беттешмек. Ал салмагын түшүрүүнү көздөп жатып ден соолугуна зыян келтирип алгандыктан кармаш болбой калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0