Кыргызстандык спортчулар Грузиялык мушкерлер менен беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековММА спортчулары беттеш учурунда. Архив
ММА спортчулары беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
WEF Global 7 — Kyrgyzstan vs Georgia турнири 25-март күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Грузиялык мушкерлер менен беттешет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясынан (WEF) билдиришти

Ак аюу каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык ММА спортчусу Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм
Маалыматка ылайык, WEF Global 7 — Kyrgyzstan vs Georgia турнири 25-март күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Аталган турнирге, UFC уюмунун жеңил салмактагы мушкери, буга чейин бир дагы ирет жеңилбеген россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедовдун конок катары келиши күтүлүүдө.

Федерациядан Хабиб Нурмагомедов спорт сүйүүчүлөрү менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берерин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0