08:02 23 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3135
  • RUB1.0964
Бишкектин Дордой командасынын футболчулары. Архивдик сүрөт

Бишкектин "Дордой" командасы Түркмөнстанда машыгууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
86 0 0

Балканабад шаарында Кыргызстан менен Түркмөнстандын клубдары беттешет. Алардын биринчи беттеши 1:1 эсебинде аяктаган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" командасы Түркмөнстандын Балканабад шаарында машыгып жатат. Алар жергиликтүү "Балкан" командасы менен оюн көрсөтө турганын команданын маалымат кызматы билдирди.

Азия конфедерациясынын тандоо раунддарындагы беттеш 7-февралда өтөт. Биринчи беттеш 31-январда Ош шаарында өтүп, эсеп 1:1 эсебинде аяктаган.

Бишкектин футбол клубу Ашхабадга 3-февралда учуп кеткен. Команданын курамында 27 оюнчу бар.

АФК кубогу — Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.

Тема боюнча

AFC кубогунун тандоо туру: "Дордой" менен "Балкан" беттештен тең чыкты
Белгилер:
футбол, клуб, Азия футбол конфедерациясы, "Дордой" ФК, Түркмөнстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ