БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Түркмөнстандын "Балкан" клубунун оюнчулары Ош шаарында үч күндөн бери машыгууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын оюнчулары ишемби күнү Ошко келишкен. Ал эми "Дордой" клубунун оюнчулары жекшемби күнү барышты.
Аталган Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо оюну Ош шаарында 31-январда Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда саат 14:00дө башталат. Ал эми экинчи беттеш 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында өтө. Билеттер 31-январда стадиондун кассаларында сатыла баштайт.
Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн беттештер үч тандоо оюну жана негизги турнир менен коштолот. Жыйынтыгында жеңген команда финалга чыгып, негизги турнирге жолдомо алат.