Бишкекте Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн таймаш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОор атлетика боюнча таймаш. Архивдик сүрөт
Оор атлетика боюнча таймаш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Борбор Азия жана КМШ мамлекеттеринен келген спортчулар күч сынашат.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 21-23-ноябрда Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн оор атлетика боюнча XXIX эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Топту тозуп жаткан дарбазачы - Sputnik Кыргызстан
Аркасы менен пенальти тоскон дарбазачынын видеосу интернетти жарды
Мелдешке Борбор Азиядан жана башка чет мамлекеттен келген спортчулар катышат. Андан сырткары, Кыргызстандын облустары менен шаарларынын курама командалары да келет. Эркектер 56 килограмм салмактан тарта 105 иклограммдан жогорку категория боюнча күч сынашса, аялдар 48 килограммдан 75 килограмм салмактан жогорку категория боюнча катышат.

Турнирдин максаты КМШ жана Азия мамлекеттеринин достугун бекемдөө, оор атлетиканы Кыргызстанда жайылтуу жана жаштарды спорт менен такай машыгууга чакыруу болуп саналат.

Каныбек Осмоналиев СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча чемпион болгон. Ошондой эле дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону болуп атыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0