Көчмөндөр оюндарына катыша турган өлкөнүн саны 20га жетти

© Пресс-служба президента КРУчастники танцевальной группы во время I Всемирны Игр Кочевников в Кыргызстане
Участники танцевальной группы во время I Всемирны Игр Кочевников в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы аралыкта Тажикстан мамлекети Көчмөндөр оюндарына катышууга ниеттенип жаткандыгы тууралуу билдирме жөнөттү. Буга ылайык быйылкы тизме эки жыл мурунку чектен ашты.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган мамлекеттердин саны июль айына карата 20га жеткендиги тууралуу катчылыктан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, алгачкы оюндарга 19 мамлекеттин спортчулары катышкан. 

Маалыматка караганда жакынкы аралыкта Тажикстан мамлекети Көчмөндөр оюндарына катышууга ниеттенип жаткандыгы тууралуу билдирме жөнөткөн. Мындан улам быйылкы тизме мурунку чектен ашты. 

  1. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган өлкөлөр:
  2. Азербайжан (күрѳш түрлѳрү, ат чабыш);
  3. Аргентина (алыш);
  4. Армения (алыш);
  5. Бразилия (алыш);
  6. Венгрия (жаа атуу);
  7. Гватемала (алыш);
  8. Израиль (күрѳш түрлѳрү);
  9. Индонезия (күрѳш түрлѳрү);
  10. Казакстан (күрѳш түрлѳрү, ат чабыш, ордо, тогуз коргоол, кѳк бѳрү, эр эңиш);
  11. Кытай (ат чабыш, алыш, мас-рестлинг, жаа атуу);
  12. Колумбия (алыш);
  13. Монголия (күрѳш түрлѳрү);
  14. Пакистан (күрѳш түрлѳрү);
  15. Перу (алыш);
  16. РФ Башкыртстан (күрѳш түрлѳрү, кѳк бѳрү, жаа атуу); РФ Свердлов облусу (күрѳш түрлѳрү); РФ Карачаево-Черкессия (күрѳш түрлѳрү);
  17. Словакия (жаа атуу);
  18. АКШ (күрѳш түрлѳрү, ордо жана акыл курчуткан оюндар);
  19. Тажикстан (алыш, гюлеш, мас-рестлинг);
  20. Түркмѳнстан (күрѳш түрлѳрү);
  21. Эквадор (алыш).
Жаңылыктар түрмөгү
0