КР бийчилери дагы бир ирет өзгөчөлөнүп, эл аралык мелдештен байгелүү кайтты

© пресс-служба ФТС КРКыргызстандык бийчилер Артем Семеренко менен Валерия Качалко. Архив
Кыргызстандык бийчилер Артем Семеренко менен Валерия Качалко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Румынияда өткөн турнирге 15 мамлекеттен 55 жуп катышты.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандык бийчилер Румынияда өткөн бий боюнча эл аралык турнирде коло медалга татыганын Спорт бийи федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.

Жыл сайын өтүүчү WDSF International Open, Bucharest – Romania —2016 сынагы 22-майда Бухарестте өтүп, ага 15 мамлекеттен 55 жуп катышты.

Кыргызстандык Артем Семеренко менен Валерия Качалко чоңдордун латинасы категориясы боюнча коло медаль тагынышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0