Кичинекей шахматчылар президенттин кубогу үчүн ат салышат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТоржественный вечер, посвященный открытию турнира претендентов на титул чемпиона мира по шахматам
Торжественный вечер, посвященный открытию турнира претендентов на титул чемпиона мира по шахматам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнир 31-майга чейин уланып, анда алты жаштан 14 жашка чейинки балдар акыл таймашын өткөрөт.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бүгүн балдар арасында шахмат боюнча Кыргызстандын президентинин III кубогу расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. 

"Турнирге Кыргызстандын ар кыл аймагынан 325 балдар-кыздар катышат. Ал 31-майга чейин уланып, алты жаштан 14 жашка чейинки балдар акыл таймашын өткөрөт", — деп билдиришти алар. 

Бул спорттук иш-чара Бишкек шаарындагы Кыргыз агрардык университетинде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0