Чолпон-Атада пляж волейболу боюнча өлкө чемпионаты өтөт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүПляж волейбол оюну. Архив
Пляж волейбол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи тур келерки аптанын аягында башталат. Ал эми экинчи жана үчүнчү тур күз айынын башында Ысык-Көл облусунда өтөт.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Пляж волейболу боюнча Кыргызстандын чемпионаты Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул туурасында КРдин Волейбол боюнча федерациясынан билдиришти. 

Турнир 27-майда башталат. Өлкөнүн экинчи чемпионаты үч тур менен өтөт. 1-тур Чолпон-Ата калаасында 27-29-майда болот. Ал эми экинчи жана үчүнчү тур июль, сентябрь айларына пландалган.

Пляж волейболу боюнча өлкөнүн I чемпионаты 2015-жылдын 7-9-августунда болуп, ага Чүй, Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Ош облустарынан 22 команда катышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0