Бишкекте өлкөнүн кикбоксинг боюнча чемпионаты башталды

Жазылуу
Мелдешке 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар катыша алат. Мыкты мушкерлер дүйнө жана Азия чемпионаттары үчүн тандалып алынат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын кикбоксинг боюнча чемпионаты (лоу-кик) баштала турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Казак интернет айдыңын жарган кичинекей кыргыз кикбоксчулар
Мелдеш 25-27-март күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Мыкты мушкерлер дүйнө жана Азия чемпионаттары үчүн тандалып алынмакчы. 

Чемпионатка 18 жаштан жогорку курактагы эркектер жана кыз-келиндер катыша алат. Турнир WAKO (Дүйнөлүк кикбоксчулар уюмунун ассоциациясы) эрежеси боюнча өтөт.

Мелдешти өткөрүү үчүн спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция 68 миң сом бөлүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0