Австралияда боло турган оюнда кыргызстандык футболчуларды 100гө чукул мекендеш сүрөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык футбол сүрөнчүлөр. Архив
Кыргызстандык футбол сүрөнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Австралиянын ортосундагы беттешүү 21-ноябрь күнү Канберра шаарында өтөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Австралиялыктар менен беттешүүчү оюнда кыргызстандык футболчуларды 100гө чукул мекендеш сүрөй турганын Sputnik агенттигине аталган өлкөдө жашаган Наргиза Хакимова билдирди.

Кыргызстандык Наргиза Хакимова Канберрада өтө турган оюнга чогуу баруу үчүн күйөрмандардын уюмун түзүүнү демилгелеп келет.

Кыргызстан — Бангладеш беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан курама командасынын үч беттешинин эң өзгөчө күйөрмандары
Кыргызстандын курама командасы австралиялык атаандаштар менен 21-ноябрда 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында кездешет.

Кыргызстандык күйөрмандар үчүн Канберранын борбордук стадионунун 79-секторунда орундар бөлүнгөн. Мындан тышкары, Кыргызстандын делегациясы үчүн 30 орун каралган. Стадионго 25 миң 11 көрөрман батат.

Хакимованын айтымында, эгер кассаларда билет калса, ал Австралияда жашаган россиялык тааныштарын кыргызстандык команданы колдоп берүү үчүн чакырат. 

Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатса, Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону, бир упай менен Бангладеш акыркы орунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0