07:49 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Футболисты тренируются перед матчем Кыргызстан — Бангладеш

Онлайн-репортаж. Кыргызстан менен Бангладеш командаларынын беттеши

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан — Бангладеш беттеши (19)
391 0 0

Эки мамлекеттин курама командалары Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешүүдө. Sputnik маалымат агенттиги оюндун жүрүшүн онлайн репортаж түрүндө окурмандарга сунуштайт.

Эки команда Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында беттешип жатат. Командалар буга чейин Дакка шаарында беттешип, оюн 1:3 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктаган.

"В" тайпасындагы беш оюндун жыйынтыгы менен иорданиялыктар он упай менен алдыда. Ал эми Австралиянын курамасы төрт оюндун жыйынтыгы менен 9 упай топтоп, экинчи орунда. Кыргызстандын командасы үч упай менен үчүнчү орунда болсо, Тажикстан эки упай менен төртүнчү орунда. Ал эми Бангладештин курама командасы болгону бир гана упай топтой алган.

Жаңы билдирүү
  • 22:35

    Онлайн-репортаж аяктады

    Урматтуу достор, ушуну менен онлайн-репортажды аяктайбыз. Дагы бир жолу барыңарды ЖЕҢИШ менен куттуктайбыз. Кызыктуу оюн көрсөткөн футболчуларга да рахмат. Кыргызстанда футбол өнүксүн. Ура-аааа!

  • 22:32

    Крестинин: бир оюнчуну бөлүп мактагым келбейт, биз бир команда болуп ойнодук.

  • 22:31

    Крестинин Бангладештин оюнчулары тууралуу: аялдардын футболун да сыйлайм, бирок футболчулар оюн талаасында мынчалык жыгылбайт.

  • 22:26

    Крестинин: оюн тең болду деп айтууга болбойт. Бул күлкүнү гана келтирет. Биз аларды өз үйүндө да утканбыз.

  • 22:23

    Крестинин: Тэго алган жаракатынан улам бүгүн ойной алган жок. Бахтияр Дүйшөбеков сары картаны көп алгандыктан оюндан четтетилген.

  • 22:20

    Крестинин: биз оюнду кынтыксыз ойнодук.

  • 22:18

    КР курама командасынын машыктыруучусу күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди

    КР курама командасынын машыктыруучусу: күйөрмандардын колдоосу эң мыкты болду. Аны өзгөчө белгилеп айткым келет.

  • 22:17

    Лопез: мен Бангладештин курама командасын үч жума мурун гана жетектеп баштадым.

  • 22:15

    Бангладештин машыктыруучусу: командама таарынычым жок. Алар болушунча жакшы ойношту. Ошентсе да КР курама командасын куттуктайм.

  • 22:11

    Лопез: оюн талаасы жумшак болсо да, ал командалардын ойноосуна жолтоо болгон жок. Кыргызстандын курама командасы эки голду жакшы киргизди.

  • 22:09

    Темир Сариев футболчуларды жеңиши менен куттуктады

    Премьер-министр Темир Сариев КР курама командасын кийинүүчү жайына кирип, аларды ийгилиги менен куттуктады. Ошондой эле, мындан ары аларга жардам берерин айтып, 200 миң сом бөлүп берүүгө сөз берди. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

  • 22:02

    Бул оюнда Виталий Люкс менен Ильдар Амиров өзгөчөлөндү. Эми КР курама командасынын капчыгында эми сегиз упай болсо, Бангладеш болгону бир эле упай топтой алды.

  • 21:57

    Оюнду көрүүгө келген өкмөт өкүлдөрү туруп алып кол чабышууда. Күйөрмандардын маанайы көтөрүңкү, футболчуларга көрсөткөн кызыктуу оюн үчүн ыраазы. 

  • 21:54

    Оюн Кыргызстандын жеңиши менен аяктады

    Кыргызстан курама командасы бүгүн эң сонун, эң кызыктуу оюн көрсөттү. Беттеш 2:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.

  • 21:52

    Негизги таймга үч мүнөт кошулду.

  • 21:51

    17-номердеги оюнчу Ильдар Амиров атаандашынын дарбазасына топту таамай тээп, эсепти 2:0 эсебинде командасын алдыга сүрөп чыкты.

  • 21:48

    ГОООООЛ

    ГОООООЛ. 2:0 Кыргызстан алдыда.

    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Футболисты сборной КР радуются забитому голу противнику
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 21:48

    Оюн аяктаган соң команданын машыктыруучулары маалымат жыйын берет. Крестинин менен Лопездин оюндун жүрүшү боюнча айткандарын онлайн репортаж түрүндө сиздерге чагылдырып беребиз.

  • 21:46

    Эсеп 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасында.

    Оюндун аякташына 5 мүнөттөй калды

    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 21:45

    Бангладештин командасында кайтадан алмашуу Винсент Немонтанын ордуна 18-номердеги Жевел чыкты.

  • 21:44
    Футболист сборной КР Антон Землянухин на матче Кыргызстан — Бангладеш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандыктар жакшы оюн көрсөтүүдө. Мусабековдун чыгарып берген тобун Землянухин атаандашынын дарбазасына туура багыттап тебе албай калды. Топту ылдый теееп, Землянухин.

  • 21:41

    Бангладештин оюнчулары өтө орой оюн көрсөтүүдө. Буга чейин Бангладеш командасынын машыктыруучусу кыргызстандык футболчуларга жеңишке жетүү оңой болбой турганын билдирген эле.

  • 21:38

    Мусабековдун берген тобу  Люкс менен Бангладештин голкиперинин кагылышуусуна алып келди. Дарбазачыга медициналык жардам көрсөтүлдү. 

  • 21:36

    Стадионго 12 миң киши беттешти көрүү үчүн келгенин алып баруучу билдирди. Күйөрмандардын маанайы жакшы. 75-мүнөт артта калды. 

    Стадионго 12 миң киши келди

    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 21:34

    Бангладештин оюнчусу Ислам Насируланын (12-номер) ордуна  14-номердеги Карим Резол чыкты. 

  • 21:31

    Күйөрмандар Бангладештин футбочуларынын көрсөткөн оюнуна нааразы болгондой, себеби, алар убакытты чоюу үчүн жерге жыгылып, жатып алышууда.

  • 21:28

    Мирлан Мурзаевдин ордуна Ильдар Амиров чыкты

    Кыргызстандын курама командасында биринчи алмашуу болду. Мирлан Мурзаевдин ордуна Ильдар Амиров чыкты.

     

    Ал ортодо Валерий Кичин орой ойногону үчүн эскертүү алды.

  • 21:26

    Акыркы эки мүнөттө кыргызстандыктар эки жолу чабуулга чыгып, кооптуу абалды жаратышты. Биринчисинде Землянухин дарбазанын түбүнө чейин барса, экинчисинде Кичин да дал ушундай эле кооптуу абал жаратты.

  • 21:25

    22-номердеги Землянухин атаандаштарынын дарбазасына кооптуу абал жаратты. Ай, ай, ай, бир аз гана ылдый тепкенде гол кирмек. Аракети жакшы, азамат. 

  • 21:22

    Экинчи сары карта берилди

    Бангладештин 10-номерде ойногон футболчусу Винсент Немонтка сары карта берилди. Ал Землянухиндин чабуулуна өтө орой тоскоолдук кылды.

  • 21:20

    КР курамасынын голкипери Матяш керекке жарады. Бангладештин оюнчусу таамай тепкен топту тосуп калды. Жарайсың Матяш. Ушунуңан жазба.

  • 21:18

    Азыр оюн аянтчасынан Мусабеков менен Землянухин активдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Бангладештин оюнчулары оюнду колго алууга аракет кылууда. Бирок, кыргызстандыктардын чабуулдарына туруштук бере албай жатат.

  • 21:16

    Кооптуу абал...

    Бангледештин дарбазасына аз жерден гол кирип кете сактады. КР футболчулары дарбазага чейин барып, аны тууралап тебе албай калышты. Футболчулар чындап эле кызыктуу оюн көрсөтүп жатат. Азаматтар.

  • 21:12

    Землянухин оң канаттан пас алып, атаандаштарын алдап өттү. Бирок коргоочулар андан топту алып кетишти.

  • 21:11

    Оюндун жүрүшүндө алгачкы алмашуу болду

    Мына эми Бангладештин командасында алмашуу болду. Мохаммед Ронинин ордуна Мухаммед Токлис Ахмед чыкты.

  • 21:09

    Экинчи таймда дагы кыргызстандык футболчулар үстөмдүгүн көрсөтүп жатат. Азырынча эки командадан тең оюнчулар алмаша элек.

  • 21:07

    Өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асановдун айтымында, премьер-министр Темир Сариев беттеш башталгандан бери эле аны көрүп жатат. Анын жанында вице-премьерлер жана министрлер отурат.

  • 21:05

    Оюндун экинчи бөлүгү башталды

    Оюндун экинчи бөлүгү башталды. Биринчи тайм 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктаган.

  • 20:54

    15 мүнөттүк тыныгуу учурунда күйөрмандардын көңүлүн кыргыз ырчылары көтөрүүдө. Оюн талаасына ырчы Сема чыгып, оюнчуларды колдоп турууга чакырды.

  • 20:51

    Футболдун биринчи жарым бөлүгү аягына чыкты

    Оюнга 1 мүнөт кошулуп берилди. Биринчи таймдын 27-мүнөтүндө эсепти Виталий Люкс ачты. Азыр эсеп 1:0 эсебинде Кыргызстан алдыда.

  • 20:49

    Люкс берилген топту тебе албай калды. Бангладештин голкипери Алам Сахидул кармап калды. Мирлан Мурзаев сол канаттан топту кууп жетүүгө аракет кылды.

  • 20:47

    Бангладештин командасы аутка чыккан топту алып, гол киргизгенге жакшы эле аракет кылышты, бирок оюнчулар топко жетпей калышты.

  • 20:46

    Оюндун 40-мүнөтү. Эсеп 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасында. Голду Виталий Люкс киргизип, командасын алдыга алып чыкты. Азаматсың Виталий. Ушунаң жазбы.

  • 20:44

    Мусабеков эки футболчуну алдап өткөнү менен коргоочуларды толук алдап өтө алган жок. Кыргызстандыктар дагы да болсо даярдыгы мыкты экенин көрсөтүп жатат. 

  • 20:41

    Кыргызстандык оюнчулар кайтадан гол киргизди. Бирок, бахрейндик калыстар оффсайд болгонун белгилешти.

  • 20:40

    Оюн кыргызстандык оюнчулардын үстөмдүгү алдында өтүүдө. Бангладештик футболчулар атаандашынын аймагына өтө албай жатат.

  • 20:37

    Фархад Мусабеков оюн талаасынын ортосунан топту Валерий Кичинге берди. Люкс кайтадан берилген топту тепти, бирок ал дарбазанын жанынан өтүп кетти.

  • 20:35

    Коргоочу Виктор Майерге медициналык жардам көрсөтүшүүдө. Күйөрмандар "Кыргызстан" деп кыйкырып оюнчуларды сүрөөнгө алып жатат.

  • 20:33

    Виталий Люкс эсепти ачты

    Бернхардттын бурчтан берген тобун Виталий Люкс атаандашынын дарбазасына таамай багыттап, эсепти ачты. Биринчи гол оюндун 27-мүнөтүндө кирди. Азырынча эсеп 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасында.

  • 20:30

    ГОООООЛ, Кыргызстан эсепти ачты

    ГОООООЛ, Кыргызстан эсепти ачты

  • 20:29

    Землянухин оюн талаасынан топту Бернхардтка бергенде ал кулап калды. Калыс бангладештин оюнчусуна эскертүү берди. 29 метр аралыктан Валерий Кичин топту тепти. Ай, ай, ай топ дарбазанын жанынан өттү.

  • 20:27

    Азамат Байматов оюн талаасынан топту атаандашынын дарбазасына тээп, голкипердин канчалык даярдыкта экенин текшерип койгонсуду.

  • 20:25

    Сол канаттан Кичин менен Землянухин атаандаштарын алдап өтүүгө аракет кылып, топту атаандаштарынын дарбазасына багыттады. Каааап, сокку анчейин таамай болбой калды. Аз жерден гол кирип кете жаздады. 

  • 20:24

    Мирлан Мурзаевдин 18 метр аралыктан тепкен соккусу анчейин болбой калды.

  • 20:22

    Бангладештин оюнчусу айып тобун тебүү үчүн жыгылды. Калыс КР командасынын дарбазасына айып тобун тебүүнү уюштурду. Бактыга жараша Матяш топту тосуп калды. 

  • 20:19

    Бангладештин оюнчусуна сары карта берилди

    Бангладештин оюнчусу Хан Моная орой ойногону үчүн сары карт алды.

  • 20:17

    Землянухин абадагы топту тосуп алып, атаандаштарын жакшы алдап өттү. Ал Валерий Кичинге пас берди. Ал топту дарбазадан жогору тепти. Кааап, кичине ылдый болгондо гол кирет беле...

  • 20:16

    Таймаш азырынча оюн талаасынын ортосунда өтүүдө. Командалар даярдыктары жакшы экенин көрсөтүшүүдө. 

  • 20:13

    Күйөрмандар стадиондо толкун жасап жатышат

    Оюндун башталганына 10 мүнөт болду. Эсеп 0:0. Темир Сариев беттештин башталышына үлгүрбөй калган өңдүү. Ал VIP коноктор отура турчу трибунада жок.

  • 20:12

    Оң канаттагы коргоочу Виктор Майердин чабуулунан майнап чыкпай калды. Азырынча кыргызстандык оюнчулар үстөмдүгүн көрсөтүүдө. Күйөрмандар да "Кыргызстан!" деп кыйкырып, оюнчуларга дем-күч берүүдө.

  • 20:08

    Кыргызстандык оюнчулар оң канаттан топ чыгарды, бирок ал дарбазага жетпей калды. Кыргызстандыктар чабуулга чыкты, бирок жыйынтык болбой калды. Күйөрмандардын маанайы жакшы, кыйкырык-сүрөөн менен оюнчуларга дем күч берүүдө.

  • 20:05

    Кыргызстан менен Бангладештин беттеши башталды

    Достор, Кыргызстандын командасын сүрөөнгө алып, колдойбуз. Алга, Кыргызстан.

  • 20:00

    Достор, беттешти ТҮЗ ЭФИРден бул жактан көрүңүздөр

    Футболдогу жеңишке кубанган күйөрмандар барабан уруп, кыйкырып, желектерди булгалашты

    Кечээ Бишкек шаарында 2018-жылы өтүүчү Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагындагы Кыргызстан менен Бангладештин курама командалары беттешти. Оюн жыйынтыгы кыргызстандыктардын пайдасына чечилип, 2:0 менен аяктады.
    Дагы
  • 19:58

    Бүгүнкү оюнда Кырызстандын футболчулары ак форма кийип ойношсо, бангладештиктер кызыл форма менен ойношот. 

  • 19:56

    ФИФАнын расмий гимнинин коштоосунда Кыргызстан менен Бангладештин командалары оюн талаасына чыгууда.

  • 19:53

    Стадиондун сегизинчи секторунда отурган күйөрмандар башкалардан өзгөчөлөнүп, барабандарды кагып, "Кыргызстан, Алгаааа!" деп оюнчуларга дем-күч берүүдө.

  • 19:52

    Футболчулар оюн талаасына чыгары менен күйөрмандар аларды сүрөөнгө алып, КЫРГЫЗСТАААН! деп кыйкырышууда.

  • 19:46

    Оюн башталарына саналуу мүнөттөр калды. Эки команда буга чейин Дакка шаарында беттешип, оюн 1:3 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктаганын кошумчалап кетели.

  • 19:45

    Эки команданын футбочулары оюн талаасынан кетишти. Азыр бир канча мүнөттөн кийин кайта чыгып, оюн башталат. Күйөрмандардын маанайы жакшы.

  • 19:42

    Бүгүнкү беттешке бахрейндик арбитр Жамиил Жума калыстык кылат. Анын ишине ийгилик каалайлы, кантсе да калыстык кылуу тактыкты талап кылат эмеспи.

  • 19:39

    Бул жактан эки команданын баштапкы курамы менен таанышып, алар оюн талаасында кайсыл жерде ойной турганын караңыздар + ИНФОГРАФИКА http://sputnik.kg/infographics/20151013/1019254395.html

  • 19:37

    Эскерте кетсек, Кыргызстандын командасын Александр Крестинин машыктырса, Бангладештин оюнчуларын Фабио Лопез машыктырат. 

  • 19:31

    Оюн көрүүгө келген балдарга атайы футбол жөнүндө суроолор берилип, топтор белек кылынууда. Учурда стадиондо болжол менен сегиз миңдей адам бар.

    Болельщики на стадионе Имени Долона Омурзакова перед матчем Кыргызстан — Бангладеш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 19:26

    Алып баруучу Валерий Кичинди өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктап, бүгүнкү оюнда голдун ээси болушун каалады. Андан соң стадиондо футболчунун урматына "Валера" аттуу ыр жаңырды.

  • 19:23

    "Тамашоунун" алып баруучусу күйөрмандар менен учурашып, оюнчуларды колдоого чакырууда. Ал "Алга!" деп ураан таштаган сайын, стадиондогулар ага жооп кылып "Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышат. Ал арада атаандаштар дене-боюн жазып талаага чыгышууда.

  • 19:19

    Кыргызстандын футболчулары дене боюн жазуу үчүн күйөрмандардын сүрөөнү менен оюн талаасына чыгып жатышат.

    Футболисты тренируются перед матчем Кыргызстан — Бангладеш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 19:17

    Беттешти көрүүгө өкмөт башчы келе тургандыктан стадиондо УКМКнын кызматкерлери жүрөт. Сариев футболчулар оюн талаасына чыкканда алар менен саламдашат.

  • 19:15

    КР курамасынын үч дарбазачысы дене боюн жазыш үчүн оюн талаасына чыкты. Стадиондо Кыргызстан жөнүндө ырлар жаңырып жатат. Күйөрмандар стадиондон орун алууда.

  • 19:13

    Бангладеш командасынын баштапкы курамы:

    1 Алам Сахидул - дарбазачы

    2 Хасан Райхан

    3 Бармант Топу

    6 Буян Жамал

    8 Ислам Мамун - капитан

    9 Зибан Мухаммад

    10 Винсент Немонта

    12 Ислам Насирул

    13 Мунаем Хан Ражу

    16 Батен Абдул

    20 Рони Мухаммед

     

    Запастагылар: 

    4 Меши Атикур

    5 Йемин Мунна

    7 Рахман Сожиб Аминур 

    11 Махмуд Файсал

    14 Карим Резол

    15 Файсал Вели

    17 Мухаммад Токлис Ахмед

    18 Рана Йевел

    19 Махмуд Эмон

    21 Алам Шахид Шахидул

    22 Махмуд Расел - дарбазачы

    23 Ислам Машарул Мухаммад

  • 19:10

    Кыргызстан курама командасынын баштапкы курамы

    1 Павел Матяш – дарбазачы
    2 Валерий Кичин
    6 Виктор Майер
    7 Азамат Байматов – капитан
    10 Мирлан Мурзаев
    13 Тамирлан Козубаев
    14 Павел Сидоренко
    19 Виталий Люкс
    21 Фархат Мусабеков
    22 Антон Землянухин
    23 Эдгар Бернхардт

    Запастагылар: 

    3 Талант Самсалиев
    4 Акрамжон Умаров
    5 Курсанбек Шератов
    8 Азиз Сыдыков
    9 Ислам Шамшиев
    11 Кайрат Жыргалбек уулу
    12 Руслан Амиров – дарбазачы
    15 Шерзот Шакиров
    16 Валерий Кашуба – голкипер
    17 Илдар Амиров
    18 Вадим Харченко
    20 Турсунали Рустамов

  • 19:06

    Буга чейин эки команда Дакка шаарында беттешип, оюн 1:3 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктаган. Стадиондун айланасында киши көп. Көбү колдоруна желек жана башка нерселерди кармап келген.  

  • 19:00

    Урматтуу достор, Кыргызстан — Бангладеш командаларынын беттешинен онлайн репортажды баштайбыз

    Кутман кеч, урматтуу күйөрмандар жана сүрөөнгө алгандар. Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондон онлайн репортажды баштайбыз. Кыргызстандын командасына ийгилик каалайбыз.

    Стадионго болжол менен 4 миңдей киши келди. Алардын маанайлары көтөрүңкү. Коомдук тартипти төрт миңге жакын милиция кызматкери камсыздоодо.

live
Онлайн-репортаж. Кыргызстан менен Бангладеш командаларынын беттеши
+
Тема:
Кыргызстан — Бангладеш беттеши (19)

Тема боюнча

Кыргызстан — Бангладеш оюнунда тартипти милиция көзөмөлдөйт
Бангладештин командасынын машыктыруучусу: эртеңки оюнда Кыргызстанга кыйын болот
Белгилер:
футбол, футбол боюнча дүйнө чемпионаты, Бангладеш, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ