Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Азия чемпионатына чыгуу үчүн ат салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболисттер оюн алдында гимн аткарып жатышат. Архив
Футболисттер оюн алдында гимн аткарып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын 19 жашка чейинки футболчуларына Оман, Ливан жана Катар командалары атаандаш болот.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-19) Азия чемпионатынын тандоо туруна даярдык көрүү үчүн Катарга жөнөп кеткенин Футбол федерациясы билдирди.

Оюндар Доха шаарында 2-6-октябрь күндөрү өтөт. Кыргызстандын 19 жашка чейинки футболчуларына Оман, Ливан жана Катар командалары атаандаш болот.

Австралиянын ЖМКлары КРдин футбол боюнча курама командасын олуттуу атаандаш деп атады
Экинчи октябрда кыргызстандыктар Катардын командасы менен беттешет, 4-октябрда талаага омандыктар менен чыкса, 6-октбярда Ливандын футболчулары менен ат салышат.

Турнирге катыша турган 43 команда батыш (25) жана чыгыш (18) болуп эки аймакка бөлүнгөн. Он тайпанын жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду ээлеген беш команда эмдиги жылы Бахрейнде өтө турган финалдык беттешүүгө жолдомо алат.

Финалдык раундга 16 команда катышат. Эгер оюнду кабыл алып жаткан Бахрейн "F" тобунда мыкты аталып, же экинчи орун алгандардын катарында болуп калса, экинчи сапта турган алтынчы команда финалдык оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0