11:35 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Омск шаарында Сибирь эл аралык SIM-2015 марафондогу ойнотулган медалдар. Архив

Жөө күлүк Коробицкая Кыргызстанга дагы бир олимпиадалык лицензия алып келди

© Sputnik / Алексей Мальгавко
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
29 0 0

Буга чейин 2016-жылы өтө турган Олимпиадага катышууга укук берген лицензияга жөө күлүктөр Юлия Андреева менен Дарья Маслова жана балбан Арсен Эралиев ээ болушкан.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Кыргызстандык Марина Коробицкая Олимпиада лицензиясын утуп алганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-сентбярда Россиянын Омск шаарында Сибирь эл аралык "SIM-2015" марафону болуп өттү. 42 чакырым 195 метрге чейинки аралыкты чуркап өтүүдө эки кыргызстандык спортчу күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.

Эркектер арасында Илья Тяпкин 2:20:7 убактысы менен экинчи келсе, Марина Коробицкая 2:38:35 убактысы менен үчүнчү болуп марага келди. Жыйынтыгы ага 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу укугун камсыздады.

Бул Кыргызстандын алдыдагы Олимпиадага жол ачкан төртүнчү жолдомосу болду. Алгачкы үчөөнү жөө күлүктөр Юлия Андреева менен Дарья Маслова жана балбан Арсен Эралиев утуп алышкан. 

"SIM-2015" марафонуна 22 мамлекеттин жети миңден ашуун спортчу катышты. Күлүктөр 42 километр 195 метр, беш жана он чакырым аралыкта күч сынашты.

Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)

Тема боюнча

Кыргызстандын аймактары олимпиадалык күрөш килемдерин алышат
Белгилер:
марафон, олимпиада, күлүк, Спорт, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ