Пляж волейболу боюнча Кыргызстандын I чемпионаты 7-августта башталат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүПляж волейболу. Архив
Пляж волейболу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркектер турнири боюнча медаль үчүн 16 команда ат салышат. Ал эми кыз-келиндерден 10 топ катышат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Пляж волейболу боюнча Кыргызстандын I чемпионаты 7-августта башталып, ага 26 команда катышат. Бул туурасында КРдин Волейбол боюнча федерациясы билдирди.

Волейбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Волейболчу ардагерлер Нарын чемпиондугуна ат салышат
Чемпионат Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 7-9 августта өтөт.

Эркектер турнири боюнча медаль үчүн 16 команда ат салышат. Ал эми кыз-келиндерден 10 топ катышат. 

Командалар Чүй, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Баткен облустарынан келет. Ал эми Нарын жана Жалал-Абаддан келе тургандар такталууда.

Чемпионаттын ачылышы жана чүчүкулак кармоо 7-август күнү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0