Кыргызстандык студенттер Эл аралык жаштар парламентинин угуучусу болду

© Sputnik / Евгений БиятовСтуденттер. Архив
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Долбоордун иш-чаралары Парламенттер аралык ассамблеянын штаб-квартирасы жайгашкан Таврический сарайында жана Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинде өтөт.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандык студенттер Санкт-Петербургдагы Эл аралык жаштар парламентинин угуучусу болду. Бул тууралуу КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы кеңешинин катчылыгынын маалымат кызматы билдирди.
Бул мектеп кечээ, 30-ноябрда, "Дүйнө өлкөлөрүнүн шайлоо системалары" II Эл аралык студенттик интернет-олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери үчүн ачылган.
Долбоордун угуучулары болуп КМШнын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 30дан ашык студенттер Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Өзбекстан, Украина, Түркмөнстан жана Сербиянын жарандары болушту. Мектеп 4-декабрга чейин иштейт.
Парламенттер аралык ассамблеясы кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий долбоордун катышуучуларына өз саламын жолдоду. Ал бул иш-чара КМШнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканын белгиледи.
"Шериктештиктин келечеги түздөн-түз жаш муундан, алардын мезгилдин жаңы чакырыктарына даярдыгынан жана пайдалуу кызматташууну тандоосунан көз каранды", — деп баса белгиледи Кобицкий.
Анын айтымында, КМШ ПАА жаштардын коомдун саясий турмушуна жана мамлекеттин ишмердүүлүгүнө жигердүү катышуу укугун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурат.
Долбоордун иш-чаралары Парламенттер аралык ассамблеянын штаб-квартирасы жайгашкан Таврический сарайында жана Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинде өтөт.
Жаштар мектебинин программасына интерактивдүү лекцияларды өткөрүү, студенттерди постсоветтик мейкиндикте интеграцияны өнүктүрүү боюнча көрөгөчтүккө (эксперттик баалоо ыкмаларынын системасы) даярдоо, КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын иши менен таанышуу кирери белгиленди.
Курулуш жана курулуш өнөр жай материалдар кызматкерлер профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы, Бизнес жана социалдык өнүктүрүү академиясынын ректорунун кеңешчиси Элдияр Карачалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Радио
Карачалов: студенттин билим сапатын талап кылуу укугу бар
Программанын негизги иш-чарасы 2-декабрда илимий дебат форматында өтө турган "Электрондук добуш берүү: макул жана каршы" эл аралык конференциясы болмокчу. Командалар шайлоо процессинде санариптик технологияларды колдонууга арналган интеллектуалдык таймашка катышат. Конференциянын соңунда дебаттардын катышуучуларына сыйлык тапшырылат.
Мунун баары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Жаштар парламентаризми КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу саясий өнүгүүсүнүн жана өнөктөштүгүнүн негизи" долбоорунун бир бөлүгү. 2021-жылы долбоор РФ президентинин Гранттык фондунун колдоосуна ээ болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0