01:36 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7992
  • EUR95.6874
  • RUB1.1483
Коом
Кыскача шилтеме алуу
129 0 0

Облус башчысы жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргызга Кыргызстандын жарандык паспортун тапшырды.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Көк-Терек айылынын жашоочуларынан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

  • Представитель президента в Баткенской области Абдикарим Алимбаев во время встречи с жителями села Кок-Терек
    Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Көк-Терек айылынын жашоочуларынан кабар алды
    © Фото / пресс-служба представительства президента в Баткенской области
  • Жители селеа Кок-Терек Баткенской области
    Облус башчысы менен жолугушууда жергиликтүүлөр социалдык көйгөйлөр тууралуу билдиришкен
    © Фото / пресс-служба представительства президента в Баткенской области
  • Жилой дом в селе Кок-Терек Баткенской области
    Ошондой эле Алимбаев Көк-Терек айылындагы жаңы курулган үйлөрдүн жылуулугу жана жашоочулардын жашоо шарты менен таанышып чыккан.
    © Фото / пресс-служба представительства президента в Баткенской области
1 / 3
© Фото / пресс-служба представительства президента в Баткенской области
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Көк-Терек айылынын жашоочуларынан кабар алды

Облус башчысы менен жолугушууда жергиликтүүлөр социалдык көйгөйлөр тууралуу билдиришкен.

"Жашоочулар негизинен таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жарандардын паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтерди алууда маселе жаралып жатканын айтышты", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле Алимбаев Көк-Терек айылындагы жаңы курулган үйлөрдүн жылуулугу жана жашоочулардын жашоо шарты менен таанышып чыккан. Учурда айылдын жашоочулары үчүн жалпы 18 үй салынып берилген.

Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргызга Кыргызстандын жарандык паспорту тапшырылган.

Тема боюнча

Баткенде жарандыкка каттоо үчүн документтер жеңилдетилген шартта кабыл алынууда
Белгилер:
Баткен облусу, Абдикарим Алимбаев, жолугушуу, таза суу

ЭҢ МААНИЛҮҮ