00:10 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Коом
Кыскача шилтеме алуу
279 0 0

16-мартта Ирактан кыргызстандык 79 бала Бишкекке "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында алып келинген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ирактан Кыргызстанга репатриацияланган балдардын 50сү мектепке, 17си бала бакчага жайгаштырылса, 12си бөбөк камкорчулардын каалоосу боюнча үйдө тарбияланып жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

  • Уполномоченный по правам ребенка Жыпариса Рысбекова провела мониторинг реабилитации детей, возвращенных из Ирака в Ошской области. 25 ноября 2021 года
    Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Араван районунда Ирактан кайтарылган балдардын реабилитацияланышына мониторинг жасап келгени кабарланды
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Уполномоченный по правам ребенка Жыпариса Рысбекова провела мониторинг реабилитации детей, возвращенных из Ирака в Ошской области. 25 ноября 2021 года
    Эске салсак, 16-мартта Ирактан кыргызстандык 79 бала Бишкекке "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында алып келинген
    © Фото / пресс-служба правительства КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба правительства КР
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Араван районунда Ирактан кайтарылган балдардын реабилитацияланышына мониторинг жасап келгени кабарланды

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Араван районунда Ирактан кайтарылган балдардын реабилитацияланышына мониторинг жасап келгени кабарланды.

Эске салсак, 16-мартта Ирактан кыргызстандык 79 бала Бишкекке "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында алып келинген.

Алар балдардын жашоо шарттары, мамлекеттик жана муниципалдык органдар көрсөтүлгөн социалдык, билим берүү жана башка кызматтар менен жакындан таанышкан. Балдар окуп жаткан билим берүү мекемелеринде болуп мугалимдер менен аларды адаптациялоо жана окуу процессине киргизүү маселелерин талкуулаган.

"Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдардын толук жана коопсуз жашоосу үчүн аларды кайра социалдаштыруу жана реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги мекенине кайтып келген бардык бөбөктөргө кийим-кече жана тамак-аш түрүндө гуманитардык жардам көрсөткөн.

Балдардын Ирактан Кыргызстанга кайтып келиши жана "Мээрим" гуманитардык миссиясы боюнча толук маалыматты атайын жасалган материалдан окуй аласыз.

Тема боюнча

Жакшы жаңылык! Мэрия балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батир берди. Сүрөт
Белгилер:
Кыргызстан, Ирак, бала, ТИМ, өкмөт, репатриация

ЭҢ МААНИЛҮҮ