Жапаров: эл журт башына келчү адамдын таза, адилет болушун тилейт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чара учурунда
Президент Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чара учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Өлкө башчысы улуу тарыхый инсан, коомдук жана саясий ишмер Исках Раззаковдун туулгандыгынын 110 жылдык мааракесин мааниси терең дата деп белгиледи.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өз сөзүндө Жапаров улуу тарыхый инсандардын бири, мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер Исках Раззаковдун туулгандыгынын 110 жылдык мааракесин мааниси терең дата деп белгиледи.
"Элибиз журт башына келе турган адамдын эң алгач эле таза, калыс, адилет болушун тилейт. Ошондон улам эл арасына Исхак Раззаковдун "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот" деген асыл кеби суудай сиңип, башкы үлгүгө айланып кетти. Анын таасын, таамай айткан бул сөзү бүгүнкү күндө дагы негизги урааныбыз болуп келет", — деп белгиледи президент.
Раззаков кичинесинен эле кыйынчылыктарга туш болуп, түгөнбөгөн түйшүк менен татаал жолду башынан кечиргени жалпыга маалым. Бирок жаштайынан чыйрак өсүп, Самарканддан, Москвадан билим алып, эмгек жолун Өзбекстандан баштап, бара-бара көптөгөн мамлекеттик кызматтын баскычтарын басып өтүп, 1945-жылы 35 жашында Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.
Садыр Жапаров маалымат жыйында эмнелерди айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Садыр Жапаров маалымат жыйында эмнелерди айтты. Видео
Өлкө башчысы тайманбас, көзгө тике карап, бетке айткан, көкүрөгү таза инсан Исхак Раззаков өз элин, өз жерин көтөрүүнүн жолдорун издеп, элибиздин билимдүү-илимдүү болушу үчүн зор эмгек жумшаганын белгиледи.
"Республиканын маданий, агартуу жана илим тармактарынын өнүгүшүнө өзгөчө чоң салым кошкон. Кыргыз жаштарынын Россия мамлекетинин жогорку окуу жайларынан ар тараптуу билим алышын камсыздады. Анын аракети менен Кыргызстандын өзүндө жогорку окуу жайлар ачылып, кыйла жылдардан бери чечилбей келе жаткан кадр маселеси оңунан чечилген. Мектептерде окуучуларга ысык тамак уюштуруу маселеси ошол мезгилде эле каралган. Ошону менен бирге анын демилгеси менен айыл чарба техникасын жасоочу завод, жип ийрүү, трикотаж, бут кийим фабрикалары сындуу бир катар өнөр жай ишканалары курулган. Облустарды байланыштыруучу жолдордун жана ошондой эле маданий жайлардын курулушу дагы колго алынган", — деп айтылат президенттин сөзүндө.
Раззаковдун сөзгө чечендиги менен бирге айткан сөзүнө турган кыраакы жетекчи болгондугу дагы аңыз кепке айланган.
"Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки республикадагы оор абалды жолго салып өнүктүрүүдө алгач элдин атуулдук аң-сезимин ойготуп, алга жетелеш үчүн жалындуу сөздөрү менен кылган иши төп келиши керек эле. Мына ошондуктан Исхак Раззаков бардык иш-чараларды кылдат пландаштырып, чарчадым-чаалыктым дебестен күнү-түнү эмгектенип, жүргүзүлүп жаткан иштерди өзү барып көз салып, кабар алып турган", — деген өлкө башчысы.
Жапаров Исхак Раззаковдун айткан сөзү менен кылган иши төп келишкен жөнөкөй мүнөзү, адамдык сапаты анын кадыр-баркын ого бетер көтөргөнүн, анын Ата Журт алдындагы опол тоодой эмгегин ар дайым эскерип туруу кийинки муун үчүн ыйык парз экенин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0