14:10 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус (194)
11145 0 0

Акыркы жумаларда тумоологондор көбөйүүдө. Бөтөнчө балдар сыркоолоп, ооруканаларда орун жетишсиз болууда. Министрлик бүгүн кошумча орундар даярдаларын билдирди.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкекте балдар арасында сасык тумоо менен курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) өсүп жатканына байланыштуу мектептерди аралыктан окутууга которуу маселеси каралган жок. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде билдирди.

Вице-мэр Бишкека Виктория Мозгачева на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева
"Учурда КРВИ өсүп жатканын байкап жатабыз. Ал аба аркылуу тез тараган инфекция. Бала бакчада да ооруган балдар көп. Ошондой эле коронавирус жуктуруп алуу коркунучу да бар. Түшүнөбүз, оору күч, мектептегилерди бет кап тагынууга чакырабыз. Аралыктан окутуу каралган жок, биз балдар салттуу форматта билим алышы үчүн бардык чараларды көрөбүз", — деди Мозгачева.

Белгилей кетсек, октябрдан тарта Бишкекте курч кармаган респиратордук вирустук инфекцияларды жуктургандар көбөйүүдө. Социалдык тармактын колдонуучулары ооруканаларда орун жоктугун айтууда. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдарды жаткыруу үчүн кошумча орундар даярдаларын убадалады.

Ошондой эле үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күнү да иштеп жатат. Алар мурда ишембиде түшкө чейин иштесе, эми кечке чейин оорулууларды кабыл алат. Ал эми жекшембиде түшкү экиге чейин болот. Ошондой эле процедуралык кабинеттер күнүгө саат 20:00гө чейин иштейт.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус (194)

Тема боюнча

Тумоологон балдар көбөйдү. Бишкекте бейтапканалар дем алышсыз иштейт
Белгилер:
Бишкек мэриясы, сасык тумоо, вирус, инфекциялык оору, мектеп, онлайн окутуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ